Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.

TurmushОш облусунун аймагында 2025-жылдын 5-майынан 11-майына чейин «Коомдук транспорт» аттуу атайын рейд жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Ош облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматы билдирди.

Иш-чаранын негизги максаты — жүргүнчү ташуучу транспорт каражаттарында коопсуздукту камсыз кылуу, мыйзам бузуулардын алдын алуу жана кызмат көрсөтүүнүн сапатын жогорулатуу.

Рейддин алкагында төмөнкү талаптар көзөмөлгө алынууда:

— айдоочулардын жол кыймылынын эрежелерин сактоосу,

— лицензия жана уруксат кагаздарынын болушу,

— автоунаалардын техникалык абалы,

— коопсуздук курун тагынуу,

— ылдамдык чектөөсүнө баш ийүү,

— аялдамаларда токтоо эрежелерин сактоо.

Бул иш-чара коомдук транспорттун коопсуз жана жоопкерчиликтүү иштешин камсыздоого багытталган.

Мыйзам бузгандарга карата Кыргыз Республикасынын «Укук бузуулар жөнүндө» кодексинин негизинде административдик чаралар көрүлүүдө. Айрым айыптардын өлчөмү төмөнкүдөй:

Лицензиясыз ишкердик жүргүзүү:

– Жеке жактар үчүн — 75 эсептик көрсөткүч;

– Юридикалык жактар үчүн — 230 эсептик көрсөткүч.

Лицензиялоо талаптарын бузуу:

– Жеке жактар үчүн — 55 эсептик көрсөткүч;

– Юридикалык жактар үчүн — 170 эсептик көрсөткүч.

Иштөө/эс алуу режимин бузуу:

– Жеке жактар үчүн — 55 эсептик көрсөткүч;

– Юридикалык жактар үчүн — 170 эсептик көрсөткүч.

Медициналык кароодон жана техникалык текшерүүдөн өткөрбөй ишке чыгаруу:

– Жеке жактар үчүн — 55 эсептик көрсөткүч;

– Юридикалык жактар үчүн — 170 эсептик көрсөткүч.

Белгисиз такси же уруксатсыз жүргүнчү/жүк ташуу:

– 30 эсептик көрсөткүч.

Жүргүнчү ташуу эрежелерин бузуу:

– 30 эсептик көрсөткүч.

Муниципалдык транспортту акы төлөбөй пайдалануу:

– 10 эсептик көрсөткүч.

 

Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды

Source link

Share.
Exit mobile version