Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.
Turmush — Бүгүн, 17-майда Ош шаарында кыз-келиндер арасында күрөш боюнча ири мелдеш болуп өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.
Маалым болгондой, мелдешке Кыргызстандын бардык аймактарынан жана коңшу Өзбекстан мамлекетинен келген спортчу айымдар катышты.
Мелдешке Күрөш федерациясынын вице-президенти, белгилүү спортчу Айсулуу Тыныбекова да катышып, мындай иш-чаралар кыргыз спортунун өнүгүшүнө чоң салым кошорун белгиледи.
«Бул мелдеш кыргыз спорту үчүн чоң салым деп эсептейм. Ош шаарында чыныгы майрам болуп жатат. Кыздар арасында мындай деңгээлдеги мелдеш биринчи жолу уюштурулууда. Өзбекстандан да бир нече аймактардан келишиптир. Келечекте Кыргызстаныбыздын желегин дүйнө жүзүнө желбирете турган мыкты, күчтүү кыздарыбыз Ош жергесинен чыгат деген үмүтүм аябагандай чоң», – деди А.Тыныбекова.
Ош шаарындагы кыз-келиндер күрөшүнүн башкы машыктыруучусу Алтынай Мамарасул кызы мелдешке жалпысынан 200гө жакын спортчу кыз катышканын билдирди.
«2013-жылдан бери күрөш менен алектенем. А.Тыныбекова, М.Жуманазарова, А.Медет кыздары менен бирге курама командада Азия жана дүйнөлүк мелдештерге катышканмын. 2015-жылы Республикалык олимпиадалык резервти аяктаганмын. 2016-жылы Ошко келип, окуумду аяктагандан кийин машыктыруучу болуп иштеп жатам. Ош шаарында кыз-келиндер арасындагы күрөш аз болгондуктан спортко кызыгуусу бар кыздарды спортко үндөп машыктырып келем. 2024-жылдын сентябрынан бери спортчулардын саны 5тен 100гө жетти. А.Тыныбекова мага дем берип, мелдештерди уюштурууда чоң колдоо көрсөттү. Бүгүнкү мелдешке 200 кыз катышууда. Буюрса кийинки мелдештерде мындан да көп спортчуларды чакырып, мыкты деңгээлде уюштурганы аракет кылабыз», – деди Алтынай Мамарасул кызы.
Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды
