Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.
Turmush — Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин «Альфа» атайын багыттагы кызматы өз ишмердүүлүгүн жүргүзүп келген мезгил ичинде (негизинен Кыргызстан аймагында эл аралык террордук уюмдардын согушкерлери менен болгон куралдуу кагылышууларда) ар кандай атайын операцияларда жалпысынан 5 офицерин жоготкон.
Бүгүнкү эскерүү митингинин датасы атайын тандалган. Себеби так ушул күнү — 2006-жылдын 12-майында УКМКнын атайын бөлүмү биринчи жолу жоготууга учураган. Ошол күнү УКМКнын «А» атайын ыкчам бөлүмүнүн Ош шаарындагы бөлүгүнүн командири жана анын жоокери курман болушкан.
19 жыл мурда дал ушул күнү Баткен облусунун Кадамжай районундагы тоолуу аймакта УКМКнын «Альфа» атайын бөлүгү чек ара кызматы, ИИМ жана Коргоо министрлиги менен биргеликте өткөргөн атайын операциянын жүрүшүндө коңшу мамлекеттин аймагынан мыйзамсыз кирген эл аралык террордук топтордун куралчан мүчөлөрү жок кылынган.
Бүгүнкү иш-чаранын максаты — курман болгондордун элесин эскерүү жана урмат көрсөтүү менен катар, эл аралык терроризм жана экстремизмге каршы күрөшүүгө байланыштуу кайгылуу окуялардын коомчулук үчүн маанисин терең түшүнүү.
«Биз, “Альфа-Ардагер” атайын бөлүктүн ардагерлеринин коомдук бирикмесинин мүчөлөрү катары, мындай иш-чараларды жыл сайын өткөрүүнү жана алардын форматын кеңейтип, башка күч түзүмдөрүнүн атайын бөлүктөрүнүн ардагерлерин да тартууну сунуштайбыз. Бүгүн бул жерде ошол органдардын өкүлдөрү да катышууда.
Сунушталып жаткан иш-чаралар жана биргелешкен аракеттер өсүп келе жаткан жаш муунду патриоттуулукта, өз мекенине болгон сүйүү жана берилүү сезиминде тарбиялоону, тарыхка, салттарга жана өлкөнү коргоого болгон жарандык жоопкерчиликти калыптандырууну, ошондой эле баатырлык менен жеңиштер үчүн сыймыктануу сезимин жаратууну көздөшү керек.
Бул иш-чараларга мектеп жашындагы балдар жана өспүрүмдөр үчүн уюшулган аскердик-патриоттук клубдарды жана кыймылдарды да тартууга болот», – дешет уюштуруучулар.
Иш-чаранын соңунда чогулгандар Ош шаарынын мэриясына, УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкы башкармалыгына, Ош шаардык ички иштер башкармалыгына, Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин Түштүк-Батыш округуна жана Ош мамлекеттик университетине иш-чараны уюштурууга көмөк көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдиришти.
Митингдин катышуучулары баатырлардын элесине гүл коюп, бир мүнөт унчукпай туруп, алардын жаркын элесине таазим кылышты.
Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды
