Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.
Turmush — Бүгүн, 27-майда Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев «Келечек» базарынын соодагерлери менен жолукту. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.
Маалым болгондой, жолугушууда соодагерлер жаңы курулган муниципалдык базарга көчүүгө каршы экендиктерин билдирип, азыркы жайгашкан базарда дагы 5 жылга иштөөгө уруксат берүүнү суранышты.
Соодагерлер мэрге бир катар сунуштарды айтышты. Алардын айтымында, эгер базар 3 күнгө жабылып, андан кийин дагы тыгын маселеси жаралса, анда өз ыктыярлары менен 1 айдын ичинде көчүүгө даяр экендиктерин билдиришти.
Соодагерлер учурдагы базарга 3 кабаттуу жеке менчик унаа токтотуучу жай курууга даяр экендиктерин айтып, бул унаа тыгыны маселесин чечерин айтышты.
Мэр Жеңишбек Токторбаев бул маселени карап чыгуу үчүн 30-май күнү Ош шаардык мэриясында соодагерлер менен кайрадан жолугушуу өткөрөрүн айтты.
Буга чейин калаа башчысы Ош шаарындагы бардык базарлар 1-июлдан жаңы муниципалдык базарга көчүрүлөрүн билдирген.
23-май күнү Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Ош шаарынын борбордук жаңы базарын көрүп чыккан. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирген.
Маалыматка караганда, Ош шаарынан мэри Жеңишбек Токторбаев базардын курулуш иштери менен тааныштырды.
«Жаңы борбордук базардын жанына дагы базарлар курулуп жатат. Ал жерге «Келечек» базары, «Бексултан» базарлары көчүрүлүп келет», – деген мэр.
Министрлер кабинетинин төрагасы жакын арада эле «Келечек» сыяктуу базарларды көчүрүү демилгеси көтөрүлгөнүн окуганын айтты. Жеңиш Токторбаев мэр болуп дайындалган учурда эле жеке базарлардын баарына эскертүү берилгенин белгиледи. Аталган жаңы базардын курулушу 2024-жылдын сентябрь айында башталган. 6,7 гектар аймакка курулган базар 2400 оорундуу болуп, анда 2100 адам жумуш менен камсыз болот. Базарга ички инвесторлор тарабынан жалпы 550 млн сом акча сарпталууда.
«Келечек», «Бексултан» базарлары үчүн жаңы орундуктар ушул жылдын 1-июлуна чейин курулуп бүтөт.
Ош шаарындагы борбордук базардын көчүрүлүшү 1-июлга жылган. Бул тууралуу «Базар» муниципиалдык дирекциясынын башчысы Чыңгыз Шерматов билдирген.
Анын айтымында, базарды көчүрүү планы 1-июлга жылдырылган.
«Буга чейин “жамгырда тамынан суу агып жатат” деген видеодон кийин үстүн ошондо эле жапканбыз. 1-июлда базар толук көчүрүлөт. Базардын жанындагы «Келечек» соода борбору жана менчик соода түйүндөрдүн бардыгы көчөт», – деген Ч.Шерматов.
Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды