Close Menu
  • Башкы бет
  • Борбордук Азия
  • Саясат
  • Дүйнө
  • Коом
  • Маданият
  • Спорт
  • Янгиликлар
What's Hot

Токаев АКШтагы жаңы Казакстан элчисин дайындады

Октябрь 20, 2025

Бакиев келсе кайрадан соттук териштирүү өткөрөбүз,

Май 28, 2025

Чымкент шаарында Кыргызстандын ардактуу консулдугу ачылды

Май 28, 2025
Facebook Instagram TikTok Telegram
  • Кыргызча
    • Қазақ тілі
    • Oʻzbek
    • Кыргызча
    • 中文 (中国)
    • Русский
Facebook X (Twitter) Instagram
EurasiaPulse
  • Башкы бет
  • Борбордук Азия
  • Саясат

    Токаев АКШтагы жаңы Казакстан элчисин дайындады

    Октябрь 20, 2025
  • Дүйнө
  • Коом
  • Маданият
  • Спорт
  • Янгиликлар
EurasiaPulse
Главная страница » Оштун тургуну жүрөк ооруларына каршы жасап чыккан дарысын лабораториядан текшертип берүүнү суранууда
Янгиликлар

Оштун тургуну жүрөк ооруларына каршы жасап чыккан дарысын лабораториядан текшертип берүүнү суранууда

Май 24, 2025
Facebook Twitter LinkedIn Telegram Pinterest Tumblr Reddit WhatsApp Email
Share
Facebook Twitter LinkedIn Pinterest Email

Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.

Turmush — Мен жасаган дарыны лабораториялык изилдөөдөн өткөрүп, жүрөк-кан тамыр ооруларына каршы колдонууга болот. Бул тууралуу Ош шаарынын тургуну Рахматулла Сулайманов бүгүн, 23-май күнү АКИпресс-Ошто өткөн маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, ал жүрөккө эч кандай операция жасабай эле, өзү жасаган дары менен жүрөк ооруларын айыктырууга болот.

«Урматтуу президент Садыр Нуркожоевич, менин сизге кайрылуумдун себеби төмөндөгүчө. КРнын 2024-жылдын 12 январындагы №14 «КРде жарандардын ден соолугун коргоо жөнүндөгү» мыйзамдын 44-беренесинде ылайык, ар бир жаңы иштелип чыккан дары клиникалык изилдөөдөн өтүшү керектигине байланыштуу, мен иштеп чыккан дары жүрөккө шунттоо (шунтирование) жасаттырбай, стент койдурбай, жүрөктүн-кан тамырларын алмаштырбай, кардиостимулятор койдурбай, клапанын алмаштырбай, бир эле учурда жүрөктүн бардык жагын айыктыра турган дарыны Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Жүрөк хирургиясы илим изилдөө институтунда изилдетип чыгып, иш жүзүнө аша турган болсо жакшы иш болмок.

Кыргызстанда статистика боюнча, кайтыш болгон 20 миңден ашык адамды өлүмдөн сактап калууга салым кошууга болот. Ошондой эле, ар 6 ай сайын жүрөк оорулары менен ооруканаларда жатып, дарылануусунун алдын алып, аларга бюджеттен сарпталган миллиардаган акчаларды үнөмдөп калууга болмок.

Урматтуу Садыр Нуркожоевич, жүрөктү эч кандай хирургиялык операциясыз, 100% айыктыра ала турган дары – бул дүйнөлүк илимий деңгээлдеги ачылыш. Бул дүйнөлүк деңгээлдеги илимий ачылышты илимий жана практикалык жактан изилдетип чыгып, Кыргызстан боюнча ишке ашыруу, дүйнөлүк деңгээлде ишке ашыруу да сиздин колуңуздан келет. 

Медицинанын генийлери болгон Ибин Синанын дагы (Абу Али ибн Сина), Гиппократтын дагы эч кандай медициналык билими болгон эмес. Алардын өзүнүн шык-жөндөмү болгон. Менде да ошондой шык-жөндөм бар. Ошондой жол менен жүрөктү эч кандай хирургиялык операциясыз 100% чейин айыктыруучу дарыны иштеп чыккам. 

Конституциялык мыйзамдын бир дагы беренесинде «дипломуна жараша иштейт» деп жазылган эмес. «Жөндөмүнө жараша иштейт» деп жазылган. Урматтуу президент, менин күнөөм менен бир адамга зыян келсе, керт башым менен жооп берем деп сөз берем», – деди ал.

Рахматулла Сулайманов 1980-жылдары медучилищанын фармацевтика бөлүмүн бүтүргөнүн кошумчалады. 

Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды

Source link

Share. Facebook Twitter Pinterest LinkedIn Tumblr Telegram Email
Previous ArticleДанияр Калматов Пробация департаментинин директору болуп дайындалды
Next Article Беларуста сөөгү табылган баткендик Маман Айтматовдун жакындары изделүүдө

Related Posts

Бакиев келсе кайрадан соттук териштирүү өткөрөбүз,

Май 28, 2025

Чымкент шаарында Кыргызстандын ардактуу консулдугу ачылды

Май 28, 2025

Кыргызстанга ЖККУга мүчө мамлекеттердин коргоо министрлеринин кеңешинин жыйынына катыша турган өкүлдөр келди

Май 28, 2025
Іздеу
Категориялар
  • Main KG (1)
  • Саясат (1)
  • Янгиликлар (1,318)
Top Posts

Subscribe to Updates

Get the latest sports news from SportsSite about soccer, football and tennis.

Advertisement
Demo

eurasiapulse.com

Facebook Instagram YouTube TikTok Telegram
Top Insights
Get Informed

Subscribe to Updates

Get the latest creative news from FooBar about art, design and business.

© 2025 eurasiapulse.com. Designed by Eurasiapulse.com.

Type above and press Enter to search. Press Esc to cancel.