Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.
Билим АКИpress – 14-17-май күндөрү Ош технологиялык университетинин пайдалуу кендердин геологиясы кафедрасынын окутуучулары Калдыбаев Н.А. менен Исаков Д.Т. Москва шаарында жайгашкан С.Орджоникидзе атындагы Россия мамлекеттик геологиялык чалгындоо университетинде өткөн VII эл аралык геолого-геофизикалык «ГеоЕвразия-2025» конференциясына катышты.
Маалым болгондой, илимий иш сапардын алкагында алар Ош технологиялык университетинде ишке ашырылып жаткан илимий долбоордун жыйынтыгы боюнча «Обоснование геолого-технологических параметров оценки качества минерального сырья для производство дорожно-строительных изделий методом направленного раскола» деген темада илимий баяндама жасашты.
Мындан сырткары, окутуучулар жер казынасын сарамжалдуу пайдаланууну технологиялык камсыздоо багытында квалификациясын жогорулатып, тиешелүү күбөлүккө ээ болушту.
Бул форумга дүйнөнүн 19 өлкөсүнөн 1200дөн ашуун делегат катышып, 9 негизги багыт боюнча 321 баяндама угулду. Иш-чара алкагында геология тармагындагы орчундуу маселелер боюнча тегерек столдор, ачык талкуулар уюштурулду.
За событиями в Кыргызстане следите в Телеграм-канале @akipress.
Бул макала Билим АКИpress басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат.
Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды
 
									 
					