Close Menu
  • Башкы бет
  • Борбордук Азия
  • Саясат
  • Дүйнө
  • Коом
  • Маданият
  • Спорт
  • Янгиликлар
What's Hot

Токаев АКШтагы жаңы Казакстан элчисин дайындады

Октябрь 20, 2025

Бакиев келсе кайрадан соттук териштирүү өткөрөбүз,

Май 28, 2025

Чымкент шаарында Кыргызстандын ардактуу консулдугу ачылды

Май 28, 2025
Facebook Instagram TikTok Telegram
  • Кыргызча
    • Қазақ тілі
    • Oʻzbek
    • Кыргызча
    • 中文 (中国)
    • Русский
Facebook X (Twitter) Instagram
EurasiaPulse
  • Башкы бет
  • Борбордук Азия
  • Саясат

    Токаев АКШтагы жаңы Казакстан элчисин дайындады

    Октябрь 20, 2025
  • Дүйнө
  • Коом
  • Маданият
  • Спорт
  • Янгиликлар
EurasiaPulse
Главная страница » Панфилов районундагы И.В.Панфиловдун эстелиги оңдоп-түзөөдөн өтөт
Янгиликлар

Панфилов районундагы И.В.Панфиловдун эстелиги оңдоп-түзөөдөн өтөт

Май 10, 2025
Facebook Twitter LinkedIn Telegram Pinterest Tumblr Reddit WhatsApp Email
Share
Facebook Twitter LinkedIn Pinterest Email

Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.

Turmush — Кечээ, 9-майда Чүй облусунун Кайыңды шаарында Улуу Жеңиштин 80 жылдыгы белгиленди. Бул күнгө карата “Өлбөс полк” жүрүшү өтүп, иш-чара мэрдин кубогу үчүн уюштурулган футболдук турнир менен коштолду. 

Кайыңды шаары Панфилов районунун административдик борбору болуп саналат. Иш-чарага райондун акими Бекмаат Масаидов, шаар мэри Рысбек Шейшенов, социалдык мекемелердин өкүлдөрү, айыл өкмөттөрүнүн кызматкерлери жана жергиликтүү тургундар катышты.

Алар “Жеңиш” сейил багындагы белгисиз жоокердин эстелигине гүлчамбар коюп, Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондорду эскеришти.

Майрамдык иш-чара оюн-зоок жана концерттик программа менен улантылып, соңунда борбордук стадиондо мэрдин кубогу үчүн футбол боюнча турнир өттү. Мелдешке жалпы 8 команда катышып, жыйынтыгында “Кайыңды жаштар” командасы жеңишке жетишти. Жеңүүчүлөргө кубок, ардак грамота жана медалдар тапшырылды.

Улуу Жеңиш күнүнө арналган майрамдык салтанат Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Нурланбек Азыгалиев, президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Канат Жумагазиев, Панфилов районунун акими Бекмаат Масаидов, чет өлкөлүк демөөрчүлөр, мекеме-уюмдардын жетекчилери жана айыл аксакалдарынын катышуусунда өттү.

Иш-чара Курама айыл аймагындагы И.В.Панфиловдун эстелигине гүлчамбар коюу жана анын эрдигин эскерүү менен башталды.

Учурда чет өлкөлүк демөөрчүлөр тарабынын Панфиловдун эстелигин оңдоп- түзөө иштери жүрүп жатат.

Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды

Source link

Share. Facebook Twitter Pinterest LinkedIn Tumblr Telegram Email
Previous ArticleМурунку «спецназ» Асылбек Кусеев Швециянын Стокгольм шаарында эмне менен алек?
Next Article 15 жыл балалуу болбогон Бурмаш Жумабаева кайсы ырым жана окуядан кийин 12 балалуу болгон?

Related Posts

Бакиев келсе кайрадан соттук териштирүү өткөрөбүз,

Май 28, 2025

Чымкент шаарында Кыргызстандын ардактуу консулдугу ачылды

Май 28, 2025

Кыргызстанга ЖККУга мүчө мамлекеттердин коргоо министрлеринин кеңешинин жыйынына катыша турган өкүлдөр келди

Май 28, 2025
Іздеу
Категориялар
  • Main KG (1)
  • Саясат (1)
  • Янгиликлар (1,318)
Top Posts

Subscribe to Updates

Get the latest sports news from SportsSite about soccer, football and tennis.

Advertisement
Demo

eurasiapulse.com

Facebook Instagram YouTube TikTok Telegram
Top Insights
Get Informed

Subscribe to Updates

Get the latest creative news from FooBar about art, design and business.

© 2025 eurasiapulse.com. Designed by Eurasiapulse.com.

Type above and press Enter to search. Press Esc to cancel.