Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.
Turmush — Чүй облусунун Панфилов районунда эгин талааларында чегирткеге каршы дарылоо иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу райондук мамлекеттик администрациясынан билдирди.
Маалыматка караганда, райондун айыл аймактары Казакстан менен чектешип турат.
«Өсүмдүктөрдү жеп, өсүүсүн, түшүмдүүлүгүн төмөндөткөн заяндуу чериткеге каршы күрөшү иштери башталды. Учурда Фрунзе жана Курама айыл айыл аймактарында болжолдуу 300 гектар эгин талааларында айыл чарба министрлигин тарабынан жөнөтүлгөн атайын техникалар менен химикаттарды чачуу иштери жүрүп жатат. Ошону менен төмөнкү аймакта, тактап айтканда Казакстан менен чектешкен Күрпүлдөк айыл аймагында 200 гектардан ашуун жерди да дарылоо күтүлүүдө. Райондун жетекчилери айыл аймакта жүргүзүлүп жаткан иштер менен жеринде таанышууда», – деп айтылат маалыматта.
Ал эми аймактык кабарчы билдиргендей, Жайыл району менен чектешкен Москва районуна караштуу Төрт-Гүл айыл аймагынын Беш-Терек айылында эгин талааларында ушул тапта чегиртке жоктугун тастыктаган видеону жергиликтүүлөр тартып жөнөтүшкөн.
Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды
