Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.
АКИpress – 8-майда Ала-Тоо аянтында өтүүчү парадда көрсөтүлө турган аскердик техника Токмок шаарынан Бишкекке жеткирилет.
Коргоо министрлигинин маалыматына ылайык, буга байланыштуу 6-май күнү саат 20:00дөн баштап бир катар көчө жабылат:
– Жибек Жолу проспектиси Төмөнкү Норус айылынан Шопоков көчөсүнө чейин;
– Шопоков жана Ибраимов көчөлөрүнүн кесилиши, Чүй проспектисинен Фрунзе көчөсүнө чейин.
Параддан кийин техника борбордун түндүгүнө Чүй проспектиси, Дэн Сяопин, Патрис Лумумба көчөлөрү аркылуу көчүрүлөт.
Аскердик парадга 3 миңге жакын адам, 120дан ашык аскердик жана атайын техника катышарв күтүлүүдө.

Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды
									 
					