Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.
АКИpress – Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдуулук боюнча комитети 20-майда Руслан Мукамбетовдун талапкерлигин коргоо министри кызматына жактырды.
Анын талапкерлигин парламентке президент Садыр Жапаров киргизген.
Мукамбетов буга чейин коргоо министринин орун басары болчу.
Буга чейин министр кызматын Бактыбек Бекболотов ээлеп турган. Ал Коопсуздук кеңешинин катчысы болуп дайындалды.
Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды
