Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.
Turmush — Чүй облусунун Ысык-Ата РИИБдин Ново-Покровка аймактык милиция бөлүмчөсүнүн жашы жете электер инспекциясынын аймактык тескөөчүсү, милициянын капитаны Алина Абакирова менен аймактык кабарчы баарылашты.
Алина Абакирова 1993-жылы 7-майда Кемин районунун Кичи-Кемин айылында туулган. Үй-бүлөлүү, 3 кыздын апасы.
«Милиция болуу бала кезимдеги кыялым десем болот. Мектепке барган кезден эле “Мен чоңойсом милиция болом” деп айтып жүрчүмүн. Кыялыма жетип, эл кызматындамын.
2012-жылы Кыргыз Республикасынын ИИМдин милициянын генерал-майору Ж.Ш.Шабиров атындагы Республикалык окуу борборуна тапшырып, 2015-жылы окууну ийгиликтүү аяктап, кенже лейтенант наамын алып чыккам. Үзүрлүү эмгектин арты менен Ички иштер министрлигинин «Азамат» жана «Кыргыз милициясынын 95 жылдык» төш белгиси жана Чүй облусунун башкы башкармалыгынын ардак грамоталары менен сыйланып келем.
Бизде бош убакыт деле болбойт. Эгер убакыт боло калса эле үй-бүлөм менен бирге болууга аракет кылам. Музыка угууну жакшы көрөм», – деди ал.
Каарманыбыз кызмат учурундагы эң алгачкы жолу жансыз денени талаадан көргөндө жаман болгонун айтып берди.
«Эми биздин жумуш өзү ары татаал, ары кызыктуу эмеспи. Көп эле кызыктуу окуялар болду. Жаңы иштеп баштаганда Ысык-Ата районундагы Ново-Покровка айыл аймагынын кесип өткөн Темир жолунун жээгинде “Адамдын жансыз денеси жатат” деген билдирүү келди. Ошол замат көрсөтүлгөн дарекке кесиптештерим менен бардык. Биз барган учурда Ысык-Ата РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө маалымат берген жаран жеринде күтүп турган экен. “Жансыз дене каякта жатат?” деп сураганыбызда “Темир жолдун жээгиндеги, чытырман бадалдын арасында” деп бизге көрсөтүп берди. Жакындаган сайын коркуу сезимдери боло баштады. Анткени мен өмүрү мындай жансыз денени көргөн эмесмин да. Жыты дагы сасып, жагымсыз болду. Кесиптештерим мага кайрат-күч берип, “Кызмат ушундай, көнүп кетесиң” дешти. Маркум үй-жайсыз талаалап калган киши экен.
Дагы бир окуя эстен кетпейт. Балдар кинодон көргөнүн туураса керек. Окуучу өспүрүм балдар болчу. Бирөөсүнүн туулган күнү болуп, акча жок кантип отуруш кылабыз деп ойлонуп, анан дүкөнгө ууруга кирүүнү көздөшөт. Биздеги Дачанын ары жагында бир азык-түлүк саткан дүкөн бар. Ал эженин жолдошу жок болгондуктан, эч кимге кайрылбайт, билинбей калабыз деп ойлошсо керек. Дүкөнчү эже кечинде дүкөнүн ичинен илип, ары жагындагы эшик аркылуу кетип калат. Анан эртеси күнү эле, ичинде майда тыйындар (чоң акчаларды жанына ала кеткен), тооктун эти,1 литр малина кыямы, суусундуктар, таттуу токоч, шоколаддар уурдалды деп бизге кайрылды. Так ошол күн 1-ноябрь — Кыргыз Республикасынын милиция кызматкерлеринин күнү болчу. Биз кесиптешим экөөбүз майрамдык иш-чараны өткөргөн соң, эженин чакыруусу менен бардык. Анан жоголгон буюмдардын негизинде жаш балдар кылганын билип, Дачадагы өспүрүмдөрдү териштирип, сураштырып баштадык. Отурушка отургандардын бири, бизге баарын айтып берген. Балким милиция сурак кылса коркуп кетсе керек.
Көрсө, булар дүкөндүн айнегин учтуу нерсе менен тоголок кылып кесип түшүрүшкөн. Анан бирөөсү колун салып, узун нерсе менен эшиктин илгичин ачкан. Ошентип ичине кирип, отурушка ылайыктуу жей турган нерселерди, кассадан тыйындарды алып чыгып кетишкен. Дүкөндөн чыгары менен майда-чүйдө нерселерин жешкен окшойт. Ошол жерге изин жашырып, жеген азыктарынын баштыкчаларын жерге көмүп коюшуптур. Анын баарын көрсөтүп берип жатышпайбы. «Эгер көмүп койсок, билинбей калат деп ойлогонбуз» десе, угуп тургандардын баары күлкүлөрү келген.
Ошентип, ата-энелери дүкөндүн чыгымдарын жаап беришкен. Кыязы кинодон көргөндөрүн жасашкан окшойт.
Негизи учурда жаш балдар менен иштөө өтө оор. Азыр бирөөнүн баласына эмес, өзүңдүн балаңды катуу айтып тарбиялай албайсың. Азыр башкача ыкма менен тарбия берүү заман талабы болуп жатат», – деди ал.
Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды
