Close Menu
  • Башкы бет
  • Борбордук Азия
  • Саясат
  • Дүйнө
  • Коом
  • Маданият
  • Спорт
  • Янгиликлар
What's Hot

Токаев АКШтагы жаңы Казакстан элчисин дайындады

Октябрь 20, 2025

Бакиев келсе кайрадан соттук териштирүү өткөрөбүз,

Май 28, 2025

Чымкент шаарында Кыргызстандын ардактуу консулдугу ачылды

Май 28, 2025
Facebook Instagram TikTok Telegram
  • Кыргызча
    • Қазақ тілі
    • Oʻzbek
    • Кыргызча
    • 中文 (中国)
    • Русский
Facebook X (Twitter) Instagram
EurasiaPulse
  • Башкы бет
  • Борбордук Азия
  • Саясат

    Токаев АКШтагы жаңы Казакстан элчисин дайындады

    Октябрь 20, 2025
  • Дүйнө
  • Коом
  • Маданият
  • Спорт
  • Янгиликлар
EurasiaPulse
Главная страница » Полковник Итикеевди ысымына байланыштуу бүтүндөй бир райондун эли сыйлап турат
Янгиликлар

Полковник Итикеевди ысымына байланыштуу бүтүндөй бир райондун эли сыйлап турат

Апрель 28, 2025
Facebook Twitter LinkedIn Telegram Pinterest Tumblr Reddit WhatsApp Email
Share
Facebook Twitter LinkedIn Pinterest Email

Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.

Turmush — Энергетика жана электротехника өнөр-жай кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин төрагасы, запастагы полковник Лейлекбек Итикеевдин ысымынан улам лейлектиктер өзгөчө сыйлашат. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, ысымын атасы Турусбек Итикеев атайын жолдомо менен 1959-жылы Лейлек районунун Коргон айылында мугалим болуп иштеп жүргөн учурда төрөлгөнү үчүн койгон.

«Өзүбүз Талас облусунан болобуз. Атам Турусбек Итикеев 1959-жылы Фрунзе шаарында Кыргыз мамлекеттик университетин аяктап, айтайын жолдомо менен түштүк тарапка болгондо да, эң алыскы Лейлек районундагы Коргон айылына барат. Ал жердеги азыркы Курбанали Сабыров орто мектебине мугалим болуп эмгек жолун баштаган. Ошол жылы мен төрөлүптүрмүн.

Атам чогуу иштешкен Зайир, Досбек деген достору менен менен баарлашып отуруп, Лейлекбек ысымга токтолушат. 2 жашыма чейин Лейлекте жашаганбыз. Кийин борборго кеткенбиз.

2001-жылы Лейлек районуна барып, биз жашаган үйдү көргөм. Андан кийин 2018-жылы атам 80 жашка таяп калганда дагы өзү иштеген мектепке алып барып, акыркы коңгуроо аземине катыштырып келдим.

Лейлектиктер мен үчүн бир туугандай болуп, алар дагы мени бир тууганындай сыйлашат. 30 жылдай күч структурасында иштеп, Баткен окуяларында Баткен тарапта жүрдүм. Полковник чинин ошол учурда алдым. Андыктан Лейлекбек деген ысым менен кошо Лейлек, Баткен жүрөгүмө жакын», – деди ал.

Полковник үй-бүлөдө 8 бир туугандын экинчиси. Өзү 5 баланын атасы.

Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды

Source link

Share. Facebook Twitter Pinterest LinkedIn Tumblr Telegram Email
Previous ArticleБишкектин айрым көчөлөрү 28-апрелде жарыксыз калат
Next Article Москва шаарында «Легендарлуу генерал жана кыргызстандык панфиловчуларды эскерүү» китебинин бет ачары болду

Related Posts

Бакиев келсе кайрадан соттук териштирүү өткөрөбүз,

Май 28, 2025

Чымкент шаарында Кыргызстандын ардактуу консулдугу ачылды

Май 28, 2025

Кыргызстанга ЖККУга мүчө мамлекеттердин коргоо министрлеринин кеңешинин жыйынына катыша турган өкүлдөр келди

Май 28, 2025
Іздеу
Категориялар
  • Main KG (1)
  • Саясат (1)
  • Янгиликлар (1,318)
Top Posts

Subscribe to Updates

Get the latest sports news from SportsSite about soccer, football and tennis.

Advertisement
Demo

eurasiapulse.com

Facebook Instagram YouTube TikTok Telegram
Top Insights
Get Informed

Subscribe to Updates

Get the latest creative news from FooBar about art, design and business.

© 2025 eurasiapulse.com. Designed by Eurasiapulse.com.

Type above and press Enter to search. Press Esc to cancel.