Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.
АКИpress – Президент Садыр Жапаров бүгүн, 21-майда Будапешт шаарында өткөн ТМУнун бейформал саммитине катышуунун алкагында дүйнөлүк деңгээлдеги илимпоз – профессор Азиз Санжарга «Түрк дүйнөсүнүн биримдигине кошкон салымы үчүн» Алишер Навои атындагы эл аралык сыйлыгын тапшырды.
Садыр Жапаров сыйлык тапшырып жатып Азиз Санжар жөн гана окумуштуу эмес, ал илим жана түрдүү маданиятты байланыштырган көпүрө сыяктуу кызмат кылуунун үлгүсүнө айланганын белгиледи.
«Анын молекулярдык биологияга жана медицинага кошкон зор салымы жөн гана бир адамдын жетишкендиги эмес, дүйнө жүзүндөгү миллиондогон окумуштуулар үчүн шыктануу болуп саналат», – деген ал.
Азиз Санжар ультрафиолет нурлануусунан жабыркаган ДНКны калыбына келтирүү механизмдери боюнча жасаган иштери менен белгилүү.
Анын изилдөөлөрү картаюу процесстерин жана рактын өрчүшүн түшүнүү үчүн олуттуу мааниге ээ. Ал 400дөн ашык илимий макалалардын жана 33 китептин автору.
2015-жылы ДНКны калыбына келтирүү боюнча изилдөөсү үчүн химия боюнча Нобель сыйлыгына татыган. Алишер Навои атындагы биринчи эл аралык сыйлык 2022-жылдын 11-ноябрында Самаркандда өткөн ТМУ мамлекет башчыларынын 11-саммитинин алкагында улуу кыргыз жазуучусу Чыңгыз Айтматовго каза болгондон кийин ыйгарылган.
Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды
