Close Menu
  • Башкы бет
  • Борбордук Азия
  • Саясат
  • Дүйнө
  • Коом
  • Маданият
  • Спорт
  • Янгиликлар
What's Hot

Токаев АКШтагы жаңы Казакстан элчисин дайындады

Октябрь 20, 2025

Бакиев келсе кайрадан соттук териштирүү өткөрөбүз,

Май 28, 2025

Чымкент шаарында Кыргызстандын ардактуу консулдугу ачылды

Май 28, 2025
Facebook Instagram TikTok Telegram
  • Кыргызча
    • Қазақ тілі
    • Oʻzbek
    • Кыргызча
    • 中文 (中国)
    • Русский
Facebook X (Twitter) Instagram
EurasiaPulse
  • Башкы бет
  • Борбордук Азия
  • Саясат

    Токаев АКШтагы жаңы Казакстан элчисин дайындады

    Октябрь 20, 2025
  • Дүйнө
  • Коом
  • Маданият
  • Спорт
  • Янгиликлар
EurasiaPulse
Главная страница » Президент Садыр Жапаровдун энелер күнүнө карата куттуктоосу
Янгиликлар

Президент Садыр Жапаровдун энелер күнүнө карата куттуктоосу

Май 19, 2025
Facebook Twitter LinkedIn Telegram Pinterest Tumblr Reddit WhatsApp Email
Share
Facebook Twitter LinkedIn Pinterest Email

Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.

АКИpress –  Президент Садыр Жапаров бүгүн, 18-майда  кыргызстандыктарды Энелер күнүнө карата куттуктады.

«Урматтуу энелер!

Ажарлуу эже-карындаштар!

Сиздерди бүгүнкү Энелер күнү менен чын дилимден куттуктаймын!

Ата-бабаларыбыз улуттун келечегин улап, ар бир инсандын калыптануусуна эбегейсиз таасир тийгизген аялзатына аздек менен мамиле кылышкан. Өмүрдүн башаты, үйдүн куту, жашоонун маңызы Энелер экенин эң жакшы түшүнүшкөн. Ошондуктан кыргыз энелери улуттун учугун улоочу гана эмес, урпактарга улуу муундан калган нарк-насилди жайылтуучу, элдин ынтымагына жана эң башкысы мамлекеттин бүтүндүгүн сактоочу калдайган калың журттун уюткусу болуп келишкен.

Буга мисал катары Каныкей, Айчүрөк, Арууке, Бирмыскал, Курманжан датка энелерибизден тарта кийинки мезгилдин чыгаандары Уркуя Салиева, Зууракан Кайназарова, Керимбүбү Шопокова, Күлүйпа Кондучалова, Токтогон Алтыбасарова, Бүбүсара Бейшеналиева, Таттыбүбу Турсунбаева жана башкаларды аялзатынын асылдары катары сыймыктануу менен айтып келебиз. 

Мына ушундай улуу инсандардын жолун жолдоп келаткан кыз-келиндер, айымдар азыр да четтен чыгат.

Кыргызстанда энелердин эмгеги, мамлекетке кошуп жаткан баа жеткис салымдары өз убагында бааланууга тийиш! Биз айымдардын мамлекеттик жана коомдук иштерге жигердүү катышуусу үчүн бардык шарттарды түзүп келебиз.

Бүгүнкү күндө өлкөбүз прогрессивдүү тенденцияга күбө болууда. Учурда жергиликтүү кеңештердин 42 пайызын, Жогорку Кеңештин 22 пайызын, мамлекеттик кызматта иштегендердин дээрлик 44,5 пайызын биздин эже-карындаштар түзүп, жогорку кызматтарда иштеп келатышат. Алардын саясий жана коомдук турмушка батыл аралашуусу, лидерлик сапаттары, өнүгүүгө дайыма умтулуусу мамлекеттүүлүктү чыңдоодо жана коомдун өнүгүшүндөгү абдан маанилүү кадам деп эсептейм. 

Мындан сырткары, ушу тапта үй-бүлө, эне-бала институтун жана салттуу үй-бүлөлүк баалуулуктарды колдоо жана өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулууда. 

Биз энелерге болгон урмат-сыйыбызды сөз менен эле чектебестен, ишибиз, камкордугубуз менен да көрсөтүшүбүз кажет!

Урматтуу мекендештер, энелик мээрим менен сүйүүгө, сабырга сугарып, адамгерчиликке багыттап, бабалар каада-салтын заманбап билимдерге айкалыштыруу менен тарбия берип, коомдун туруктуу өнүгүшүнө зор салым кошуп келаткан аялзатын кайда болбосун, бапестеп-барктап алалы. 

Энелердин ак сүтүн актоого ар дайым аракет кылалы!

Кымбаттуу энелер! 

Дагы бир жолу майрамыңыздар кут болсун!

Сиздерге бекем ден соолук, күч-кубат, бактылуу турмуш каалайм. 

Ыйбаа кылып, сыпайы сүйлөп, жылуулук тартуулаган энелер, балдарыңыздардын кубанычы менен жакындарыңыздардын урмат-сыйына бөлөнүп, бар болуңуздар!».

Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды

Source link

Share. Facebook Twitter Pinterest LinkedIn Tumblr Telegram Email
Previous ArticleКараколдогу катуу шамал эки үйдүн чатырын учуруп, электр энергиясынын үзгүлтүккө учурашына алып келди
Next Article Садыр Жапаров көп балалуу энелерди «Баатыр эне» ордени менен сыйлады. Тизме

Related Posts

Бакиев келсе кайрадан соттук териштирүү өткөрөбүз,

Май 28, 2025

Чымкент шаарында Кыргызстандын ардактуу консулдугу ачылды

Май 28, 2025

Кыргызстанга ЖККУга мүчө мамлекеттердин коргоо министрлеринин кеңешинин жыйынына катыша турган өкүлдөр келди

Май 28, 2025
Іздеу
Категориялар
  • Main KG (1)
  • Саясат (1)
  • Янгиликлар (1,318)
Top Posts

Subscribe to Updates

Get the latest sports news from SportsSite about soccer, football and tennis.

Advertisement
Demo

eurasiapulse.com

Facebook Instagram YouTube TikTok Telegram
Top Insights
Get Informed

Subscribe to Updates

Get the latest creative news from FooBar about art, design and business.

© 2025 eurasiapulse.com. Designed by Eurasiapulse.com.

Type above and press Enter to search. Press Esc to cancel.