Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.
АКИpress – Бүгүн, 19-майда Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевдин төрагалыгы алдында Кыргыз Республикасын 2030-жылга чейин өнүктүрүүнүн улуттук программасынын долбоорун кароо боюнча кеңейтилген жыйын өтүүдө.
Касымалиевдин айтымында, программа өлкөнүн орто мөөнөттүү өнүгүү траекториясын аныктоочу жана мамлекеттик саясаттын негизин түзүүчү негизги стратегиялык документ болуп саналат.
«Министрлердин ар бири документ менен бир нече жолу таанышып, талдап чыгышты. Программа коомдук талкуудан өттү жана акыркы вариантында мазмундуу жана конструктивдүү сунуштар эске алынды», – деп белгиледи ал.
Иштелип чыккан документ президент Садыр Жапаровдун кол коюусуна жөнөтүлөт.
Программанын негизги максаты катары татыктуу жашоо шарттарын түзүү жана жарандардын жыргалчылыгын жогорулатуу белгиленген. Эл аралык жана ата мекендик эксперттердин катышуусунда даярдоо процессинде өлкөнүн атаандаштык артыкчылыктарына жана глобалдык тенденцияларга ылайык келген өнүгүүнүн артыкчылыктуу 4 багыты аныкталды:
1. Индустриялаштыруу;
2. Региондук хабды түзүү;
3. Айыл чарбаны жана туризмди өнүктүрүү;
4. Жашыл энергетиканы илгерилетүү.
Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды
 
									 
					