Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.
АКИpress – Россиянын президенти Владимир Путин Москва тарап Киевге 2022-жылы үзгүлтүккө учураган түз сүйлөшүүлөрдү алдын ала шартсыз кайра баштоону сунуштап жатканын билдирди. Ал диалогду кийинки бейшембиде, 15-майда Стамбулда баштоону сунуштады.
Анын айтымында, Россия жаңжалдын негизги себебин жоюу үчүн олуттуу сүйлөшүүлөргө үмүт кылууда. Россия согуштун кайра жанданышына алып келбеген узак мөөнөттүү элдешүүнү талап кылууда.
«Чечим Украина бийлигинин колунда», – деди ал.
Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды
