Close Menu
  • Башкы бет
  • Борбордук Азия
  • Саясат
  • Дүйнө
  • Коом
  • Маданият
  • Спорт
  • Янгиликлар
What's Hot

Токаев АКШтагы жаңы Казакстан элчисин дайындады

Октябрь 20, 2025

Бакиев келсе кайрадан соттук териштирүү өткөрөбүз,

Май 28, 2025

Чымкент шаарында Кыргызстандын ардактуу консулдугу ачылды

Май 28, 2025
Facebook Instagram TikTok Telegram
  • Кыргызча
    • Қазақ тілі
    • Oʻzbek
    • Кыргызча
    • 中文 (中国)
    • Русский
Facebook X (Twitter) Instagram
EurasiaPulse
  • Башкы бет
  • Борбордук Азия
  • Саясат

    Токаев АКШтагы жаңы Казакстан элчисин дайындады

    Октябрь 20, 2025
  • Дүйнө
  • Коом
  • Маданият
  • Спорт
  • Янгиликлар
EurasiaPulse
Главная страница » Раушан Карабекова элеттеги балдарга англис тилин үйрөтүп, мугалимдик кесипти аркалап келе жатат
Янгиликлар

Раушан Карабекова элеттеги балдарга англис тилин үйрөтүп, мугалимдик кесипти аркалап келе жатат

Май 3, 2025
Facebook Twitter LinkedIn Telegram Pinterest Tumblr Reddit WhatsApp Email
Share
Facebook Twitter LinkedIn Pinterest Email

Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.

Turmush — Манас районунун Покровка айылынын 40 жаштагы тургуну Раушан Карабекова мектепте англис тилчи болуп иштеп келет. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, ушул эле Покровка айылында туулган. Талас мамлекеттик университетинин чет тилдер бөлүмүн аяктап, англис тилчи мугалим кесибине ээ болгон.

«17 жыл мурун өзүмдүн айылыма эле турмушка чыккам. Бирок тилекке каршы бир кыздуу болгондон кийин жолдошум менен ажырашып, эки жолго түштүк. Азыр кызым 16 жашта, бийге абдан кызыгат. Өзүнүн бий тобун ачып, ошол өнөрүн өнүктүрүп келет. Ал дагы англис тилине кызыгып, бат өздөштүрөт. Кызым менен абдан сыймыктанам.

Покровка орто мектебинде окууну аяктагандан бери эле эмгектенип келем. 15 жылдан ашты. Мугалим үчүн 5 жылдык билим алуу аз деп ойлойм. Мугалим ар тараптан өзүн өнүктүрүп турушу керек. Ошол үчүн ар тараптан билим алып, такай изденүүнүн үстүндө жүрөм. Окуучуларымды дагы ошого үндөйм. Мисалы, сабакта ар бир окуучунун оюу ар кандай, аны эч качан оюн бөлүп, отур деп койбойм. Тескерисинче оюн толук жеткирүүгө, толуктоого аракет кылам. «Силердин оюңар уникалдуу» деп мактайм. Балдарым дагы дайыма изденүү жолунда, ошол сапаттарын дагы баалайм. Мектеп кезинен лидерлик сапаттарын өстүрүүгө аракет кылам. Кадиресе бир жаңы материалды билип келишип, мени менен талашса сүйүнөм. Кээ бир мугалимдер андай окуучуларды «мени сыйлабайсың, тартибиң жок» деп коюшу мүмкүн. Бул баланын жөндөмүнө чектөө коюп коет деп түшүнөм.

Сабак бергенде абдан ырахат алам. Кесибим менен жаш муундарды мыкты өстүрүп жатам деп ишенем. Ошол үчүн күнүнө жок дегенде 2 саат убакыт бөлүп даярданам. Айылдын мектеби болсо дагы, бири-бири менен атаандашып, англис тилин мыкты деңгээлде өздөштүргөн окуучуларыбыз көп», – деди ал.

Каарманыбыз буга катар эле баланы мактап окутуу жакшы жыйынтык берерин кошумчалады.

«Аябай эле эсимде калганы, кошуна балага сабак берип калдым. Ал сабакта деле «Раушан апче» дейт, башка жайларда деле «Раушан апче» деп кыйкырат. Өзү абдан кичипейил, шайыр бала. Анан сабак аткарбай, эркелик кылып жатканын сездим. Үйгө атайын чакырып алып, «сени менин тууганым деп айтат, аларга үлгү болуп окубасаң уят болобуз» деп кошумча сабак берип, үйдөн тапшырмаларын аткартып жаттым. Мектептен абдан мактап коём. Көп убакыт өтпөй эле, сабактарын так аткарып, мыкты окуучуга айланды. Балага деле жакшы сөз, мактоо жагат.

Жакында эле мектептеги окуучубуз эл аралык олимпиадада биология сабагынан күмүш медаль алды. Ал олимпиада англис тилинде болгондуктан бир аз кабатыр болдум. Бирок окуубуз, эч кандай тоскоолдуксуз эле, тилди мыкты өздөштүргөндүгү үчүн байгелүү орунга жетти», – деди ал.

Буга чейин Манас районунун Покровка жалпы билим берүү орто мектебинин 9-классынын окуучусу Бекболот Музуротбеков дүйнө жүзүнүн окуучулары катышкан биология боюнча олимпиадада күмүш медаль алганы белгилүү болгон.

8-февралда Кыргызстандын окуучулары биология боюнча «British Biology Olympiad 2025» олимпиадасында 2 алтын, 7 күмүш жана 5 коло медалга ээ болушкан. Сынак онлайн түрүдө уюштурулуп, ага дүйнө жүзү боюнча 1053 мектептен 18 миң 533 окуучу катышкан. Бекболот аталган билим сынагында күмүш медалга ээ болгон. Аны мугалими Наталья Кость даярдаган.

Аларга 4-март күнү Манас райондук билим берүү бөлүмү тарабынан сыйлыктар тапшырылды.

 

Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды

Source link

Share. Facebook Twitter Pinterest LinkedIn Tumblr Telegram Email
Previous ArticleКыргызстандын жаш боксчулары Азия чемпионатында байгелүү орундарга ээ болушту
Next Article Таластык тургун талаадан өзгөчө сары чычканды видеого тартып алды

Related Posts

Бакиев келсе кайрадан соттук териштирүү өткөрөбүз,

Май 28, 2025

Чымкент шаарында Кыргызстандын ардактуу консулдугу ачылды

Май 28, 2025

Кыргызстанга ЖККУга мүчө мамлекеттердин коргоо министрлеринин кеңешинин жыйынына катыша турган өкүлдөр келди

Май 28, 2025
Іздеу
Категориялар
  • Main KG (1)
  • Саясат (1)
  • Янгиликлар (1,318)
Top Posts

Subscribe to Updates

Get the latest sports news from SportsSite about soccer, football and tennis.

Advertisement
Demo

eurasiapulse.com

Facebook Instagram YouTube TikTok Telegram
Top Insights
Get Informed

Subscribe to Updates

Get the latest creative news from FooBar about art, design and business.

© 2025 eurasiapulse.com. Designed by Eurasiapulse.com.

Type above and press Enter to search. Press Esc to cancel.