Close Menu
  • Башкы бет
  • Борбордук Азия
  • Саясат
  • Дүйнө
  • Коом
  • Маданият
  • Спорт
  • Янгиликлар
What's Hot

Токаев АКШтагы жаңы Казакстан элчисин дайындады

Октябрь 20, 2025

Бакиев келсе кайрадан соттук териштирүү өткөрөбүз,

Май 28, 2025

Чымкент шаарында Кыргызстандын ардактуу консулдугу ачылды

Май 28, 2025
Facebook Instagram TikTok Telegram
  • Кыргызча
    • Қазақ тілі
    • Oʻzbek
    • Кыргызча
    • 中文 (中国)
    • Русский
Facebook X (Twitter) Instagram
EurasiaPulse
  • Башкы бет
  • Борбордук Азия
  • Саясат

    Токаев АКШтагы жаңы Казакстан элчисин дайындады

    Октябрь 20, 2025
  • Дүйнө
  • Коом
  • Маданият
  • Спорт
  • Янгиликлар
EurasiaPulse
Главная страница » Үркүндө ата-энесинен ажыраган Телегей Сагымбаева аялдардан чыккан алгачкы чабан болгон
Янгиликлар

Үркүндө ата-энесинен ажыраган Телегей Сагымбаева аялдардан чыккан алгачкы чабан болгон

Май 17, 2025
Facebook Twitter LinkedIn Telegram Pinterest Tumblr Reddit WhatsApp Email
Share
Facebook Twitter LinkedIn Pinterest Email

Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.

Turmush — «Тарых инсаны» рубрикабыздын бүгүнкү каарманы — колхоз курулушунун көрүнүктүү ишмери, социалисттик эмгектин баатыры, баатыр эне Телегей Сагынбаева тууралуу болмокчу. Ал тууралуу аймактык кабарчы маалымат топтоду.

Сагымбаева Телегей Алмамбетовна 1902-жылы 8-июнда Нарын облусундагы Кочкор районунун Ак-Жар айылында кедей дыйкандын үйүндө туулган.

Ал ата-энеси менен бирге туулган жеринен бир нече жолу жер которгон экен. Бирок дайыма кайра кайтып келип турган. Ал балалыгы тууралуу «Бул бозоргон таштуу жерди каргаганыбызды айтпа да, бөтөн жерге барганда аны эстеп сагынып ыйлаганыбызды айтпа! Жай саратандын жан чыдагыс ысыгынан кургакчылык болуп, жер бетин көргөзбөй чегиртке каптаган жылы да ошондой болду. Андайды өмүрүмдө биринчи жолу көрүшүм. Кара тумандай каптаган чегирткеден асман бети көрүнбөй күндүн көзү жабылды. Чегиртке тоо-талаадагы чөптү тамыры менен жеди. Жада калса тикенектүү ит мурунду да калтырган жок. Ошентип биз бүтүндөй айылыбыз менен бет алган жакты карай көчүп жөнөдүк. Атам бөтөн жерге байдын коюн айдап кетти. Чубама жолдуу капчыгайлар менен ашуу ашып, суу кечип аны менен кошо биз баратабыз. Жолдо бурганак башталып, кардын алдында калдык. Атчандар алдыга кетишти. Биз болсо жөө-жалаңдап, кар жиреп, эптеп илкебиз. Мен шайым ооп баса албай калганда атам колуна көтөрүп алат. Ошентип биз какыраган аптаптуу талаада чоочун бирөөнүн малын кайтардык. Апам экөөбүз отунга куурай жыйнайбыз. Ал эми кечинде оттун башында олтуруп алып, туулган жерибизди ойлоп сагынабыз. Атам кээде мага “эгер карыздарым болбогондо силерди өз жерибизге алып кетет элем” деп калаар эле. Биз ал жакта да жыргап жашабаганыбызды ойлоп, унчукчу эмесмин. Анда атам “Ал жакта жер жаман деп ойлойсуңбу? Жок кызым, жерде айып жок, биздин кедейлигибиз андан эмес. Эгер эмгек кылсаң жер эмгегиңди жебейт” деп мени жубатуучу» деп, 1916-жылдагы кытай жергесиндеги күндөрүн эскерген.

«Россияда ак падыша тактан кулаптыр, жерди болсо карапайым калкка бөлүп берип жатыптыр» деген кабарды укканда өз жери, Ала-Тоого, кетүүнү чечишет. Жаз келип, ашуу ачылганда жолго чыгышат. Жөө-жалаңдап азыгын жонуна көтөрүп, колуна таяк таянышып, көк жалтаң муз баскан ашууну ашышат. Көп адамдар ашууну аша алышай бөтөн талаада калышкан. Атасы Алмамбет ашуунун белинде көз жумат. Аны таш менен корумдап, асканын алдына жашырышат. Бир канча күндөн кийин ашуудан түшүп келе жатканда энеси өлөт… Телегей энесинин зыңкыйып тоңгон денесин карап, баш жагында ыйлап олтурат. Борошо уруп, суукта ордунан туруп, алдыга араң басат. Басууга алы жок болгондуктан бирге келе жаткандарга «мага карабай кете бергиле» дейт. Бирок жердештери аны таштабай алып келишкен. Кыргыз жерине келгенде Дүйшөнаалы Сагымбаев экөө баш кошуп, түтүн булатышат.

1927-жылы Тянь-Шанда алгачкы «Кочкор» кой чарбасы уюшулганда ал күйөөсү Дүйшөнаалы Сагымбаев экөө алгачкылардан болушуп ошол чарбага ишке орношушкан. Дүйшөнаалы Сагымбаев Кочкор өрөөнүндөгү биринчи кыргыз-механизатору болуп трактор айдаган. Совхоз уюшулган кезде койлор кылчык жүндүү болуп, ал боз үйгө кийиз жасаганга гана араң жарачу. «Кочкор» асыл тукум совхозунун бир короо коюна ээ болгон кезде Телегей Сагынбаева 26 жашта эле. Академик М.Н.Лущихин башында турган окумуштуулардын жана Т.Сагымбаевага окшогон чабандардын көп жылдык талыкпаган эмгегинин аркасында жүнү алтын менен бааланган уяң жүндүү кыргыз коюнун тукуму өстүрүлгөн. Кыргызстан ал жылдары уяң жүндүү койлору менен даңазаланган. СССР боюнча 3-орунду ээлеген. Бир гана Телегей Сагымбаеванын короо кою 5000 кишилик костюмга жүн берген. Телегей Сагынбаева күнү-түнү эмгектенип, балдарын тарбиялап, болуп көрбөгөн ийгиликтерге жетишкен.

Эр азаматтар кесип кылган оор кесипти ал кыргыз аялдарынын ичинен алгачкыларынан болуп тайманбастан колго алган. Кыштагы ызгардуу бороонго, жаздын нөшөрлөнгөн жамгырына туруштук берип, өзү баштаган чыйырды улам арылатып бир топ ийгиликтерди жараткан. Өз кесибин ардактап сүйгөн, чаалыкпас, эмгекчил чабан кой чарбасын өсүп-өнүгүшүнө салым кошуп, жан үрөп күнү-түнү тыным албай иштеп, жаш чабандарга насаатчы болуп, өзүнүн бай тажрыйбасын үйрөткөн.

Ал өзү баккан ар бир ириктен 6 кг, кийинки жылы 7,2 кгдан жүн кыркып алууга жетишип, тирүүлөй салмагын 75 кг чейин жеткирип мамлекетке тапшырган. Ошол бакыт менен кубанычтын эн бийиктиги чабан үчүн 1957-жыл болду. Жогорудагы ийгиликтери эмгектеги жетишкендиктери үчүн «Социалистик эмгектин баатыры», «Кыргыз ССРинин социалисттик мал чарба мастери» деген наамдары, «Ленин» ордени жана «Орок жана Балка» алтын медалдары менен сыйланган. Кыргыз ССРинин 4-5-6 чакырылышына депутат болуп шайланган.

Т.Сагынбаева эмгектин гана баатыры болбостон, көп бала тарбиялап өстүргөн «Баатыр эне» да болгон. Анын жүрөгүн эмгекке болгон ченемсиз сүйүү менен бирге энелик сүйүү да уялап бир колуна камчы кармап, кой артынан жүрсө, бир колу менен бешик терметип 10 баланы алпештеп багып өстүргөн.

Союздук маанидеги пенсионер, ардактуу чабан 1980-жылы дүйнөдөн кайткан.

 

Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды

Source link

Share. Facebook Twitter Pinterest LinkedIn Tumblr Telegram Email
Previous ArticleӨзгөндүн Куршаб айылында түнкү рейд уюштурулду
Next Article Түркиянын Кепез муниципалитети менен Балыкчынын ортосунда боордоштук жана кызматташтык мамиле орноду

Related Posts

Бакиев келсе кайрадан соттук териштирүү өткөрөбүз,

Май 28, 2025

Чымкент шаарында Кыргызстандын ардактуу консулдугу ачылды

Май 28, 2025

Кыргызстанга ЖККУга мүчө мамлекеттердин коргоо министрлеринин кеңешинин жыйынына катыша турган өкүлдөр келди

Май 28, 2025
Іздеу
Категориялар
  • Main KG (1)
  • Саясат (1)
  • Янгиликлар (1,318)
Top Posts

Subscribe to Updates

Get the latest sports news from SportsSite about soccer, football and tennis.

Advertisement
Demo

eurasiapulse.com

Facebook Instagram YouTube TikTok Telegram
Top Insights
Get Informed

Subscribe to Updates

Get the latest creative news from FooBar about art, design and business.

© 2025 eurasiapulse.com. Designed by Eurasiapulse.com.

Type above and press Enter to search. Press Esc to cancel.