Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.
АКИpress – Россиянын Коргоо министрлигинин билдирүүсүнө ылайык, Москва убактысы боюнча 0:00дөн 5:30га чейинки аралыкта өлкөнүн абадан коргонуу каражаттары Украина учурган 105 учак тибиндеги учкучсуз аппараттарды жок кылган.
Маалыматтарга караганда, 35 учкучсуз учуучу аппарат Москва облусунун үстүнөн, 14 – Орёл облусунун үстүнөн, 12 – Курск облусунун үстүнөн, 11 – Белгород облусунун үстүнөн атып түшүрүлгөн. Дагы 10 аппарат Тула облусунун үстүнөн, 9 – Калуга облусунун үстүнөн, 7 – Воронеж облусунун үстүнөн атып түшүрүлгөн. Липецк жана Смоленск облустарында үчтөн дрон жок кылынган, ал эми Брянск облусунда – 1 даана.
Москвада чабуулдардан улам Внуково, Домодедово жана Жуковский аэропортторунун иши токтотулган. Мэр Сергей Собянин сыныктар түшкөн жерде ыкчам кызматтардын кызматкерлери иштеп жатканын билдирген. Тула шаарында дрон көп кабаттуу үйдүн чатырына тийип, эки адам жабыркады.
Брянск облусунун губернатору Александр Богомаз «Telegram» аркылуу аймакта жабыркагандар жана кыйроолор жок экенин билдирди. Калуга облусунун губернатору Владислав Шапша дагы жабырлануучулар жок экенин билдирген. Смоленск облусунун губернатору Василий Анохин учкучсуз аппарат кулаган жерде ыкчам кызматтар иштеп жатканын айттып, ал чоо-жайын келтирген эмес.
Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды
