Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.
Turmush — 2025-жылдын 25-апрелинде Россиянын Хабаровск аймагындагы Комсомольск-на-Амуре шаарында кыргызстандык студенттер — Асылгүл Макенова менен Карима Иманкулованы унаа сүзүп кеткен.
Аталган студент кыздар оор жаракат алып, оор абалда ооруканага жеткирилген. Учурда алар дарыланып жатышат.
Владивосток, Уссурийск жана Хабаровск шаарларында жашап, эмгектенип жүргөн мекендештер бул кырсыктан жабыркаган кыздарга акчалай жардам көрсөтүп, оорукананын дарылоо чыгымдарын төлөп беришти.
- Бул тууралуу Turmush басылмасына Владивосток шаарындагы «Алтын муун» бирикмесинин мүчөсү Нооман уулу Алишер билдирди.
«Владивосток шаарында эмгектенген мекендештер 461 миң 100 сом, Уссурийск шаарындагылар 54 500 сом, ал эми Хабаровск шаарындагы мекендештер 100 миң сом чогултуп беришти. Топтолгон каражат кыздардын дарылануусуна жумшалды.
Жергиликтүү укук коргоо органдарынан эч ким келген эмес, иш да тиешелүү деңгээлде тергелбей жатат экен. Унаа менен сүзүп кеткен айдоочу: “Менин эч нерсем жок, силерге эч кандай жардам бере албайм” деп жатыптыр. Мындай учурда элчилик тарабынан жардам көрсөтүлсө жакшы болмок.
Кыздар абдан оор жаракат алышкан. Бизге берилген маалыматка ылайык, алардын бирине боордон жана баштан операция жасалган. Ал эми экинчи кыз белинен, буттарынан жана башка дене бөлүктөрүнөн жаракат алган.
Учурда кыздарга экинчи ирет операция жасала турганы белгилүү болду. Жергиликтүү басылмаларга чыккан маалыматтарга ылайык, кыздарды сүзгөн — “Тойота Саксид” үлгүсүндөгү унаа болгон. Аны 65 жаштагы айдоочу башкарып бара жаткан. Унаа жогорку ылдамдыкта келе жатып, кыздарды жөө өтмөктөн сүзүп кеткен», – деди ал.
Жабыркаган эки кыз тең 21 жашта болуп, Кара-Балта шаарынын тургундары экени маалым.
Буга чейин Баракелде Россиянын Амурдагы Комсомольск шаарында 25-апрелде жол кырсыгы катталып, анын кесепетинен Кыргызстандын 2004-жылы туулган эки жараны жабыркаганын жазган.
Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, окуяга 65 жаштагы жергиликтүү тургун башкарган «Toyota Succeed» унаасы катышкан.
Бул факт боюнча Россия Федерациясынын Кылмыш-жаза кодексинин 264-беренеси («Жол кыймылынын жана транспорт каражаттарын эксплуатациялоонун эрежелерин бузуу») боюнча кылмыш иши козголду. Жабырлануучулар ооруканага жеткирилген.
Кыргыз Республикасынын Хабаровск крайындагы консулдугунун өкүлдөрү дарыгерлер менен жолугушту. Консулдуктун маалыматы боюнча, жабырлануучулардын бири И.К. эс-учун жоготкон эмес, абалы туруктуу жана жакындары менен байланышта. М.А. аттуу жаранга шашылыш операция жасалып, абалы оор. Ал жасалма дем алдыруучу аппараттан чыгып, өз алдынча дем алууда.
Дипломатиялык өкүлчүлүк оорукана жана жабыркагандардын жакындары менен тыгыз байланышта. Мындан тышкары, дарылоочу дарыгерлер жана окуу жайдын администрациясы менен кезектеги жолугушуу пландаштырылууда.
Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды
