Close Menu
  • Башкы бет
  • Борбордук Азия
  • Саясат
  • Дүйнө
  • Коом
  • Маданият
  • Спорт
  • Янгиликлар
What's Hot

Токаев АКШтагы жаңы Казакстан элчисин дайындады

Октябрь 20, 2025

Бакиев келсе кайрадан соттук териштирүү өткөрөбүз,

Май 28, 2025

Чымкент шаарында Кыргызстандын ардактуу консулдугу ачылды

Май 28, 2025
Facebook Instagram TikTok Telegram
  • Кыргызча
    • Қазақ тілі
    • Oʻzbek
    • Кыргызча
    • 中文 (中国)
    • Русский
Facebook X (Twitter) Instagram
EurasiaPulse
  • Башкы бет
  • Борбордук Азия
  • Саясат

    Токаев АКШтагы жаңы Казакстан элчисин дайындады

    Октябрь 20, 2025
  • Дүйнө
  • Коом
  • Маданият
  • Спорт
  • Янгиликлар
EurasiaPulse
Главная страница » Россияда мигрант балдардын тестирлөөдөн өтүү арыздарынын басымдуу бөлүгү четке кагылды
Янгиликлар

Россияда мигрант балдардын тестирлөөдөн өтүү арыздарынын басымдуу бөлүгү четке кагылды

Май 15, 2025
Facebook Twitter LinkedIn Telegram Pinterest Tumblr Reddit WhatsApp Email
Share
Facebook Twitter LinkedIn Pinterest Email

Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.

АКИpress –  Россиянын бийлиги мигрант балдар үчүн орус тили боюнча тестирлөөгө катышуу тууралуу берилген арыздардын көпчүлүгүн кабыл алуудан баш тартты, деп билдирди Россиянын керектөөчүлөрдүн укугун коргоо жана көзөмөлдөө боюнча федералдык кызматы (Роспотребнадзор) 13-майда.

Апрель айынан баштап тестирлөөгө 1762 арыз берилген. Бийлик арыздардын 81%ын кабыл алуудан баш тартты. Негизинен мигранттардын документтеринин толук эместигинен, мектептерде бош орундардын жоктугунан же берилген документтердеги жалган маалыматтардан улам арыздарды кабыл алуудан баш тартылган.

Жалпысынан тестирлөөгө 335 адам киргизилген. Азырынча тестирлөөгө 44 адам катышып, алардын 27си тапшырмаларды аткарган, ал эми калгандары өтө алган эмес. Тестирлөө Орусиянын 10 аймагында өткөрүлгөн.

Роспотребнадзордун билдирүүсүнө ылайык, алгачкы жыйынтыктар чет элдик жарандарды жергиликтүү мектептерге кабыл алуунун жаңы тартиби аларды билим берүү мекемелерине кабыл алуунун негиздүүлүгүн жөнгө салууга мүмкүндүк берет.

Россиянын Мамлекеттик Думасынын спикери Вячеслав Володин 14-майда мигрант балдар үчүн орус тили боюнча тестирлөөнү киргизген түзөтүүлөрдү «туура» иш деп баалаган.

1-апрелден тарта россиялык мектептерде орус тилин билүү боюнча тестирлөө башталган. Сынак видео жаздырууга алынат, ал эми баланын оозеки жооптору аудиодо форматта жаздырылат. Вячеслав Володин тиешелүү мыйзам кабыл алынганга чейин мигрант балдардын 41%ы орус тилин билбейт же начар билет, бул калган окуучулардын билим сапатына зыянын тийгизет деп билдирген.

Мектепке кабыл алуу үчүн мигрант балдар тестте 90% упай топтошу керек.

Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды

Source link

Share. Facebook Twitter Pinterest LinkedIn Tumblr Telegram Email
Previous ArticleСузактын Чаңгыр-Таш айылындагы мектепти 20 жыл мурда аяктаган классташтар билим уясын оңдоп жатышат
Next Article Сүрөт — Кадамжайда «Кылым карыткан кыргыз килеми» фестивалы өтүп жатат

Related Posts

Бакиев келсе кайрадан соттук териштирүү өткөрөбүз,

Май 28, 2025

Чымкент шаарында Кыргызстандын ардактуу консулдугу ачылды

Май 28, 2025

Кыргызстанга ЖККУга мүчө мамлекеттердин коргоо министрлеринин кеңешинин жыйынына катыша турган өкүлдөр келди

Май 28, 2025
Іздеу
Категориялар
  • Main KG (1)
  • Саясат (1)
  • Янгиликлар (1,318)
Top Posts

Subscribe to Updates

Get the latest sports news from SportsSite about soccer, football and tennis.

Advertisement
Demo

eurasiapulse.com

Facebook Instagram YouTube TikTok Telegram
Top Insights
Get Informed

Subscribe to Updates

Get the latest creative news from FooBar about art, design and business.

© 2025 eurasiapulse.com. Designed by Eurasiapulse.com.

Type above and press Enter to search. Press Esc to cancel.