Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.
АКИpress – Россиянын Коргоо министрлиги Украина Европанын айрым өлкөлөрүнүн колдоосу менен «сүйлөшүү процессин үзгүлтүккө учуратууга багытталган бир катар чагымчыл кадамдарды жасады» деп билдирүү таратты.
Билдирүүдө Россиянын демилгеси менен жаңжалды тынчтык жолу менен жөнгө салуу боюнча Россия-Украинанын түз диалогу кайра жандангандыгы айтылат.
Ведомствонун маалыматы боюнча, 20-майдан 27-майга чейин Россиянын абадан коргонуу каражаттары Украинанын 2331 учкучсуз учагын жок кылган жана кармап калган, алардын арасында атайын аскердик операция зонасынан тышкары аймактан – 1465 аппарат аныкталгандыгы кошумчаланат. Коргоо министрлиги Украинанын аракеттерине жооп катары Россия жогорку тактыктагы курал жана учкучсуз учактар менен Украинанын аскердик объектилерине жана аскердик-өнөр жай комплексинин ишканаларына сокку ургандыгын билдирди.
Орус-украин кайра сүйлөшүүлөрүнүн биринчи айлампасы 16-майда Стамбулда өткөн. Бир катар ЖМКлардын булактарынын маалыматы боюнча, кийинки жолугушуу ушул аптада болушу мүмкүн.
Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды