Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.
АКИpress – Кыргызстандыктар 3-майдан тарта чет өлкөнүн мамлекеттик номуру тагылган унаалар менен өлкөгө кире алышпайт.
Бүгүн, 27-майда Экономика министрлиги чет өлкөлүк транспорт каражаттарынын Кыргызстандын аймагына киргизүү жана колдонуу жобосу тууралуу маалымат берди.
Жободо төмөнкү талаптар белгиленген:
1. Колдонуу чөйрөсү
Жобо рулдун жайгашуусуна карабастан, Бажы биримдигинин техникалык регламентине ылайык M1, M1G, N1 жана N1G категорияларындагы транспорт каражаттарына жайылтылат.
2. Чек аралык каттоодон өткөрүү
Бардык чет өлкөлүк транспорт каражаттары тышкы миграцияны эсепке алуунун бирдиктүү тутумуна (ТМЭБТ) маалыматтарды киргизүү менен чек аралык каттоодон өткөрүлүүгө тийиш, андан кийин ИИМдин маалыматтык системаларына автоматтык түрдө интеграцияланат.
3. Зарыл болгон документтер
Каттоодон өтүүдө төмөнкүлөрдү көрсөтүү талап кылынат:
• мамлекеттик чек арадан өтүүгө укук берген документ;
• транспорт каражатын каттоо жөнүндө күбөлүк;
• айдоочулук күбөлүк;
• транспорт каражатына ээлик кылуу, пайдалануу же тескөө укугун тастыктаган документ.
4. Кыргызстандыктар үчүн
Кыргыз Республикасынын аймагына чет өлкөдө каттоодон чыгарылбаган, чет өлкөлүк каттоо белгилери бар транспорт каражаттары менен кирүүгө тыюу салынат. Мындай транспорт каражаттарын чет өлкөдө каттоодон чыгарып, КРда каттоодон өткөргөн шартта гана алып келүүгө уруксат берилет.
5. Чет элдиктер үчүн
Чет элдик каттоо белгилери бар транспорт каражаттары менен 6 айга чейин кирүүгө уруксат берилет. Бул мөөнөт аяктагандан кийин транспорт каражаты Кыргызстандын аймагынан 30 календардык күндөн кем эмес убакытка чыгарылууга тийиш. Мөөнөттөрдү бузуу КРнын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 38-беренесине ылайык жоопкерчиликке алып келет.
6. Кошумча талаптар
Мамлекеттик чек арадан өткөндөн кийин транспорт каражатынын ээсинин жарандык-укуктук жоопкерчилигин камсыздандыруу полисин (ОСАГО) милдеттүү түрдө толтуруу керек.
Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды