Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.
АКИpress – Россиянын Коргоо министрлиги тараткан маалымат боюнча, Россияга 5-майда саат 21:00дөн тарта 6-майда саат 4:00гө чейин багытталган 105 учкучсуз учуучу аппарат жок кылынды.
Ведомствонун маалыматы боюнча, бул аппараттар Брянск, Воронеж, Москва, Пенза, Калуга, Белгород, Липецк, Самара, Владимир, Курск жана Ростов облустарынын үстүнөн атып түшүрүлгөн.
Москва шаарынын мэри Сергей Собянин кыйроолор жана жабыркагандар жок экенин билдирди. Москванын төрт негизги аэропортунун иши убактылуу токтоп, кайра жанданды.
Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды
