Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.
АКИpress – Россиянын Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрү тарабынан ок атууну токтотуу режиминин 14 043 жолу бузулганын каттады. Россия тарап Жеңиштин 80 жылдыгын майрамдоонун урматына жарыялаган элдешүү 8-май күнү Москва убактысы боюнча саат 00:00дөн 11-май күнү саат 00:00гө чейин созулган.
Ведомствонун маалыматы боюнча, Украинанын Куралдуу күчтөрү тарабынан 4 миңге жакын аткылоо октор, танктар жана минометтор аркылуу жасалган. Мындан тышкары, украин армиясы учкучсуз аппараттардан дээрлик 10 миң сокку уруп, ок-дарыларды таштаган.
Коргоо министрлигинин билдирүүсүнө ылайык, Россиянын армиясы ок атууну токтотуу режимин сактап, мурда ээлеген позицияларында калган. Ошол эле учурда орус аскер кызматкерлери Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн бузууларына мөөнөт бүткөндөн кийин кайра жооп кайтарышкан.
«Ок атууну токтотуу режими аяктагандан кийин Россия Федерациясынын Куралдуу күчтөрү атайын аскердик операцияны улантты», – деп айтылат билдирүүдө.
Бир сутка ичинде Россиянын абадан коргонуу күчтөрү «JDAM» үлгүсүндөгү 3 башкарылуучу авиациялык бомбаны жана Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн 143 учкучсуз учуучу аппараттарын атып түшүргөн.
Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды
