Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.
АКИpress – Румынияда президенттик шайлоонун биринчи айлампасында «Румын биримдиги үчүн альянс» партиясынын башчысы Жорже Симион жеңишке жетти. Жергиликтүү «Hotnews» порталы билдирген маалымат боюнча, бюллетендердин 100%ы эсептелип бүткөндөн кийин саясатчы 40,96% добушка ээ болгону жарыяланды.
Экинчи орунга Бухаресттин мэри Никушор Дан 20,99% добуш менен, үчүнчү орунга башкаруучу коалициянын өкүлү Крин Антонеску 20,07% добуш менен жазылды. Жалпысынан президенттик шайлоодо 11 талапкер ат салышты. Шайлоочулардын 53,21%ы добуш берүүгө катышты.
Румынияда президентти шайлоо ар бир 5 жылда бир өткөрүлөт. Мыйзам боюнча шайлоочулардын жарымынан көбүнүн добушуна ээ болгон талапкер жеңүүчү деп табылат. Эгерде алардын саны 50%дан аз болсо, анда эки жумадан кийин экинчи айлампа өткөрүлүп, анда көпчүлүктүн добушу жеңүүчүнү аныктайт.
2024-жылдын декабрь айында Румыниянын Конституциялык соту Кэлин Жоржескунун жеңиши менен аяктаган шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарган. Ал оңчул көз караштагы адам жана Батыш өлкөлөрүндө аны орусиячыл саясатчы деп эсептешет.
Ал эми Жорже Симион жеңишке жетсе, Жоржескуну премьер-министр кылып дайындоого убада берген.
Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды
