Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.

Turmush — Аламүдүн районунун Сүймөнкул Чокморов айыл аймагына караштуу Октябрь айылындагы эки мектепке жергиликтүү бюджеттин эсебинен заманбап интерактивдүү панелдер орнотулду. Бул тууралуу аталган айыл өкмөттүн башчысы Тимур Жумалиев билдирди.
Анын айтымында, окуучулардын билимин тереңдетүү жана заманбап технология менен мугалимге шарт түзүү максатында интерактивдүү панелдер алынып берилди.
«Байтик Канай уулу атындагы жалпы билим берүү мектебинде 2226 окуучу билим алат жана 89 мугалим эмгектенет. Ал эми “Аманат” орто мектебинде 589 окуучу билим алып, 46 кызматкер (анын ичинен 32 педагог) бар», – деди Тимур Жумалиев.
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды
