Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.
Turmush — Ош облусунун Алай районунда 9-Май — Улуу Жеңиштин 80 жылдыгы белгиленди, деп билдирет аймактык кабарчы.
Маалыматка караганда, алгач райондун борборундагы Жеңиш паркында Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондорду эскерүү иш-чарасы өткөрүлдү. Эстеликтерге гүлчамбарлар коюлуп, Алай районунун акими Чынгыз Бапаев, Гүлчө айыл өкмөтүнүн башчысы Нурсултан Тажибаев, райондун аскер комиссары Төлөгөн Токтогулов жана райондогу ардагерлер кеңешинин төрагасы Абдимажит Тажаматов эскерүү сөздөрүн сүйлөштү.
Салтанаттын экинчи бөлүгү “Өлбөс полк” жөө жүрүшү менен уланды. Улуу Ата Мекендик согушта курман болгон, дайынсыз жоголгон жана жеңиш менен кайтып келген жоокерлердин сүрөттөрүн көтөрүшкөн катышуучулар Гүлчө айылына кире бериштен баштап, Алымбек Датка көчөсү аркылуу борбордук стадионго чейин жүрүштү.
Борбордук стадиондо майрамдык салтанат улантылып, маданият кызматкерлери тарабынан согуш жылдарын чагылдырган театрлаштырылган оюн-зоок программасы тартууланды.
Салтанаттын соңунда район акими ооруктун ардагерлеринен кабар алып, аларга белектерди тапшырды. Андан кийин согуш ардагерлеринин өмүр баяндары камтылган китептин бет ачары өткөрүлдү.
Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды
