Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.
АКИpress – Бишкек шаардык балдар ооруканасынын аймагында жаңы хирургиялык корпустун курулушу уланууда. Жумуштарды 2025-жылдын декабрында аяктоо пландалууда.
Оорукананын башкы дарыгери Акылбек Маманов билдиргендей, жаңы корпуста 212 орун каралган. Ар бир палатада экиден бейтап жайгаштырылат.
Корпуста хирургиялык кийлигишүү талап кылынган бардык бөлүмдөр жайгашат: нейрохирургия, урология жана башкалар. Жалпысынан жаңы корпуста 14 бөлүм болот, алардын ар биринде өзүнүн операциялык бөлмөсү каралган.
«Шаар кеңейүүдө, калктын саны өсүүдө. Бизге Бишкектин тургундары гана эмес, өлкөнүн бардык аймактарынан келген бейтаптар да кайрылышат. Мисалы, травматология бөлүмү 35 орунга эсептелген, бирок бүгүнкү күндө ал жерде 65 бала дарыланууда. Бейтаптар абдан көп», – деди Маманов.
Учурда жасалгалоо иштери жүрүп жатат, жумуштардын 70%га жакыны аяктады.
2024-жылы ооруканага кайрылгандардын саны 285 миңден ашкан.
Место на карте:
Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды
 
									 
					