Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.
АКИpress – Кыргызстандын биринчи айымы Айгүл Жапарова, Өзбекстандын биринчи айымы Зироатхон Хошимова Мажарстандын премьер-министринин жубайы Анико Леваинин чакыруусу менен 21-майда Будапешттеги Венгер музыка үйүнө барышты.
Венгер музыка үйү – Будапешттин интерактивдүү, көргөзмө, концерттик жана музыкалык-педагогикалык борбору. Туруктуу көргөзмө конокторго европалык жана венгер музыкасынын тарыхы менен баштан аяк тааныштырат.
Экспозициялардын арасында Саякбай Каралаевдин аткаруусундагы «Манас» эпосунан үзүндү да бар.
Биринчи айымдын Венгер музыка үйүнө болгон сапары президент Садыр Жапаровдун Венгриядагы Түрк мамлекеттер уюмунун бейформал саммитине катышуусунун алкагында болду.
Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды
