Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.
Turmush — Бүгүн, 26-майда Ысык-Көл районундагы 30 мектепте окуу жылынын аякташына арналган акыркы коңгуроо иш-чарасы салтанаттуу түрдө белгиленди.
Аймактык кабарчы билдиргендей, Ысык-Көл району боюнча быйыл 9-классты 1616 окуучу, ал эми 11-классты 878 окуучу аяктап жатат.
А.Осмонов атындагы «Билим Ордо» мектеп-комплексин быйыл 80ге жакын бүтүрүүчү аяктап жатат. Аталган мектеп район аймагындагы алдыңкы, инновациялык мектептердин сап башында турат. Акыркы коңгуроо салтанаты бул мектепте да өзгөчө, эсте каларлык түрдө уюштурулду.
11 жыл бою билим жана тарбия алып, мектеп менен коштошуп жаткан бүтүрүүчүлөр үчүн бул күн өзгөчө мааниге ээ. Салтанат учурунда окуучулар мектеп вальсын бийлеп, мугалимдерге ыраазычылык билдиришип, бийик максаттарга карай кадам таштоонун алдында турушат.
Акыркы коңгуроо иш-чарасы ата-энелер үчүн да эстен кеткис маанилүү күн болуп саналат. Алар балдары менен кошо толкунданып, ошол эле учурда ак жол тилеп, кыялдарынын орундалышын каалашат.
Бүгүнкү акыркы коңгуроо иш-чарасын өткөрүүдө коопсуздук чаралары тыкыр көзөмөлгө алынып, жер-жерлердеги ички иштер бөлүмдөрү менен билим берүү бөлүмдөрү биргеликте рейддерди жана күнү-түнү нөөмөттөрдү уюштурушууда.
Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды