Close Menu
  • Башкы бет
  • Борбордук Азия
  • Саясат
  • Дүйнө
  • Коом
  • Маданият
  • Спорт
  • Янгиликлар
What's Hot

Токаев АКШтагы жаңы Казакстан элчисин дайындады

Октябрь 20, 2025

Бакиев келсе кайрадан соттук териштирүү өткөрөбүз,

Май 28, 2025

Чымкент шаарында Кыргызстандын ардактуу консулдугу ачылды

Май 28, 2025
Facebook Instagram TikTok Telegram
  • Кыргызча
    • Қазақ тілі
    • Oʻzbek
    • Кыргызча
    • 中文 (中国)
    • Русский
Facebook X (Twitter) Instagram
EurasiaPulse
  • Башкы бет
  • Борбордук Азия
  • Саясат

    Токаев АКШтагы жаңы Казакстан элчисин дайындады

    Октябрь 20, 2025
  • Дүйнө
  • Коом
  • Маданият
  • Спорт
  • Янгиликлар
EurasiaPulse
Главная страница » Сүрөт — Ысык-Көл районунда 878 окуучу билим уясы менен коштошту
Янгиликлар

Сүрөт — Ысык-Көл районунда 878 окуучу билим уясы менен коштошту

Май 27, 2025
Facebook Twitter LinkedIn Telegram Pinterest Tumblr Reddit WhatsApp Email
Share
Facebook Twitter LinkedIn Pinterest Email

Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.

Turmush — Бүгүн, 26-майда Ысык-Көл районундагы 30 мектепте окуу жылынын аякташына арналган акыркы коңгуроо иш-чарасы салтанаттуу түрдө белгиленди. 

Аймактык кабарчы билдиргендей, Ысык-Көл району боюнча быйыл 9-классты 1616 окуучу, ал эми 11-классты 878 окуучу аяктап жатат. 

А.Осмонов атындагы «Билим Ордо» мектеп-комплексин быйыл 80ге жакын бүтүрүүчү аяктап жатат. Аталган мектеп район аймагындагы алдыңкы, инновациялык мектептердин сап башында турат. Акыркы коңгуроо салтанаты бул мектепте да өзгөчө, эсте каларлык түрдө уюштурулду. 

11 жыл бою билим жана тарбия алып, мектеп менен коштошуп жаткан бүтүрүүчүлөр үчүн бул күн өзгөчө мааниге ээ. Салтанат учурунда окуучулар мектеп вальсын бийлеп, мугалимдерге ыраазычылык билдиришип, бийик максаттарга карай кадам таштоонун алдында турушат.

Акыркы коңгуроо иш-чарасы ата-энелер үчүн да эстен кеткис маанилүү күн болуп саналат. Алар балдары менен кошо толкунданып, ошол эле учурда ак жол тилеп, кыялдарынын орундалышын каалашат.

Бүгүнкү акыркы коңгуроо иш-чарасын өткөрүүдө коопсуздук чаралары тыкыр көзөмөлгө алынып, жер-жерлердеги ички иштер бөлүмдөрү менен билим берүү бөлүмдөрү биргеликте рейддерди жана күнү-түнү нөөмөттөрдү уюштурушууда.

 

Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды

Source link

Share. Facebook Twitter Pinterest LinkedIn Tumblr Telegram Email
Previous ArticleКыргызстандык боксчу Ихтияр Нишонов Тайланддагы турнирдин жарым финалына чыкты
Next Article Таласта коомдук тартипти көзөмөлдөө максатында 20 пост коюлду

Related Posts

Бакиев келсе кайрадан соттук териштирүү өткөрөбүз,

Май 28, 2025

Чымкент шаарында Кыргызстандын ардактуу консулдугу ачылды

Май 28, 2025

Кыргызстанга ЖККУга мүчө мамлекеттердин коргоо министрлеринин кеңешинин жыйынына катыша турган өкүлдөр келди

Май 28, 2025
Top Posts
Advertisement
ЖАРНАМА EurasiaPulse баннер

eurasiapulse.com

Facebook Instagram YouTube TikTok Telegram
© 2026 eurasiapulse.com. Designed by Eurasiapulse.com.

Type above and press Enter to search. Press Esc to cancel.

Go to mobile version