Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.
Turmush — Сузак районуна караштуу Чокмор айылында райондор аралык Алийма Ташиева атындагы эне жана баланы коргоо борбору ачылды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.
Маалыматка караганда, анын ачылыш аземине өлкө башчысы Садыр Жапаров катышты. Анда мамлекет башчы эне жана баланы коргоо борборун Ташиевдердин үй-бүлөсү мунай базасын сатып курушканын, ага жалпы 570 млн сом кеткенин билдирди.
«Айрым бизнес чөйрөсүндө жүргөндөр арасында өлкөдөн бизнестерин сыртка алып чыгып кеткендерин билип, көрүп жүрөбүз. Айрымдары Кыргызстанга кайта албай жүрүшөт. Ташиевдер мунай базасын сатып, элге заманбап оорукана салып беришти. Рахмат айтышыбыз керек. Төрөткана калкыбызга кам көргөн жай болсун», – деди ал.
Борбор төрөт жана балдар бөлүмүнөн турат. Борбордун иштөөсү үчүн жалпы 470 штат бирдиги чечилген. Анын 110 орунун дарыгерлер түзөт. Төрөт үчүн айымдарды ушул айдын аягына чейин кабыл ала баштайт.
Сузак районуна караштуу Чокмор айылында курулуп жаткан 75 орундуу төрөт бөлүмү жана балдар ооруканасында курулуш иштери 2023-жылдын март айында башталган. Анын жалпы 3 гектардан ашуун жер аянтын ээлейт. Жумуштар Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин «Жалал-Абад көчмө механикалаштырылган отряды» тарабынан аткарылган.
Алийма Ташиева УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиевдин апасы. Былтыр жергиликтүү тургундар тарабынан төрөт үйүнө Алийма Ташиванын ысымын берүү демилгеси көтөрүлүп, кол топтолуп, маселе Барпы айылдык кенештин сессиясында каралып, чечим чыккан.
Буга чейин апрель айында аталган оорукананын айланасын асфальттоо, жашылдандыруу, түнкү чырактар коюу иштери жүрүп жатканы белгилүү болгон. Төрөт бөлүмүндө 6 төрөт залы жана операциялык 2 блок болору айтылган.
Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды
