Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.
АКИpress – Президент Садыр Жапаров «Кыргыз Республикасынын аймагында жүргөн чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын укуктук абалын жөнгө салуу боюнча чаралар жөнүндө» жарлыкка кол койду.
Ага ылайык, Кыргызстандын аймагында миграциялык мыйзамдарды бузуу менен жүргөн чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын укуктук абалын (статусун) жөнгө салуу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 66, 70, 71-беренелерине ылайык токтом кылынат:
1. Кыргыз Республикасынын аймагында КРнын миграциялык мыйзамдарын бузуу менен жүргөн чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга өлкөнүн аймагындагы өзүнүн укуктук абалын 2025-жылдын 10-июнуна чейин мыйзамдаштыруу мүмкүндүгү берилсин.
2. Министрлер кабинети Кыргызстандын аймагында анын миграциялык мыйзамдарын бузуу менен жүргөн чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын укуктук абалын жөнгө салуу жөнүндө убактылуу жобону белгиленген тартипте бекитсин.
3. Визасынын, жашап турууга уруксатынын колдонуу мөөнөтү өткөн же болбосо жашап турууга уруксаты жокко чыгарылган, жүргөн укугун ырастоочу документтери (каттоосу, эмгек ишин жүзөгө ашырууга уруксаты) жок же болбосо мөөнөтү өтүп кеткен мындай документтерди колдонгон, же болбосо мыйзамдуу жүргөн мөөнөтү өткөндөн кийин Кыргызстандан чыгуудан баш тарткан, ошондой эле Кыргызстандын аймагында кирүүдө билдирилгенге шайкеш келбеген максатта жүргөн, өлкөнүн аймагы аркылуу транзиттик өтүүнүн эрежелерин сактабаган чет өлкөлүк жаран же жарандыгы жок адам ушул жарлыктын 2-пунктунда көрсөтүлгөн убактылуу жободо аныкталган тартипте ыктыярдуу мыйзамдаштырылган учурда ал Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарында каралган жоопкерчиликтен бошотулат деп аныкталсын.
4. Ички иштер министрлиги Кыргызстандын аймагында анын миграциялык мыйзамдарын бузуу менен жүргөн чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды аныктоо боюнча иш-чараларды жүргүзсүн.
5. Тышкы миграция жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар ушул жарлыкты ишке ашыруу боюнча, анын ичинде маалыматтык-түшүндүрүү иш-чараларын жүргүзүү боюнча бардык чараларды көрсүн.
6. Бул жарлыктын аткарылышын контролдоо Президентик администрациянын президенттин жана Министрлер кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды
