Close Menu
  • Башкы бет
  • Борбордук Азия
  • Саясат
  • Дүйнө
  • Коом
  • Маданият
  • Спорт
  • Янгиликлар
What's Hot

Токаев АКШтагы жаңы Казакстан элчисин дайындады

Октябрь 20, 2025

Бакиев келсе кайрадан соттук териштирүү өткөрөбүз,

Май 28, 2025

Чымкент шаарында Кыргызстандын ардактуу консулдугу ачылды

Май 28, 2025
Facebook Instagram TikTok Telegram
  • Кыргызча
    • Қазақ тілі
    • Oʻzbek
    • Кыргызча
    • 中文 (中国)
    • Русский
Facebook X (Twitter) Instagram
EurasiaPulse
  • Башкы бет
  • Борбордук Азия
  • Саясат

    Токаев АКШтагы жаңы Казакстан элчисин дайындады

    Октябрь 20, 2025
  • Дүйнө
  • Коом
  • Маданият
  • Спорт
  • Янгиликлар
EurasiaPulse
Главная страница » Садыр Жапаров чет мамлекеттердин БУУдагы туруктуу өкүлдөрүн кабыл алды
Янгиликлар

Садыр Жапаров чет мамлекеттердин БУУдагы туруктуу өкүлдөрүн кабыл алды

Май 20, 2025
Facebook Twitter LinkedIn Telegram Pinterest Tumblr Reddit WhatsApp Email
Share
Facebook Twitter LinkedIn Pinterest Email

Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.

АКИpress –  Президент Садыр Жапаров Бириккен Улуттар Уюмундагы чет мамлекеттердин туруктуу өкүлдөрүн кабыл алды. Жолугушу бүгүн, 19-майда өткөнүн өлкө башчынын басма сөз кызматы билдирди.

Мамлекет башчысы Мали, Кирибати, Вануату, Тонга, Тувалу, Палау, Буркина-Фасо, Соломон аралдары, Сан-Томе жана Принсипи мамлекеттеринин өкүлдөрү менен саламдашууда көп тараптуу кызматташтыктын негизги институту катары БУУнун ролун күчөтүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Президент эл аралык коопсуздук үчүн олуттуу чакырыкка айланган экологиялык көйгөйдү кызматташуунун артыкчылыктуу багыттарынын бири катары белгилеп өттү. Бул контекстте ал өлкөдө тоолуу аймактарды өнүктүрүүгө өзгөчө маани берилерин ырастады. Кыргызстандын демилгеси менен БУУнун Башкы ассамблеясы 15тен ашык резолюция кабыл алган.

Садыр Жапаров 2023-2027-жылдар тоолуу аймактарды өнүктүрүүнүн беш жылдыгы деп жарыяланганын эске салып, Африка, Кариб жана Тынч океан өлкөлөрүнүн өкүлдөрүн 2027-жылы Бишкекте өтө турган Экинчи глобалдык тоо саммитине катышууга чакырды.

«Өлкөлөрүбүздүн географиялык алыс жайгашуусуна карабастан, биз окшош чакырыктарга туш болуудабыз жана аймакка ылайыкташтырылган инновациялык чечимдерди таба алабыз деп ишенебиз», – деди мамлекет башчысы.

Чет мамлекеттердин БУУдагы туруктуу өкүлдөрү өз кезегинде президент Садыр Жапаровго жылуу тосуп алгандыгы үчүн ыраазычылык билдиришип, Кыргызстандын Уюмдун ишмердүүлүгүнө кошкон салымын белгилешти.

Алар өлкөнүн глобалдык көйгөйлөрдү чечүүгө багытталган олуттуу демилгелерине токтолушту. Анын ичинде туруктуу өнүгүүнү камсыз кылуу жана биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо маселелери бар.

Алар өлкөнүн глобалдык көйгөйлөрдү чечүүгө багытталган олуттуу демилгелерине токтолушту. Анын ичинде туруктуу өнүгүүнү камсыз кылуу жана биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо маселелери бар. Ошондой эле БУУнун платформасында Кыргызстан менен тыгыз кызматташууга даярдыктарын билдиришти.

Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды

Source link

Share. Facebook Twitter Pinterest LinkedIn Tumblr Telegram Email
Previous ArticleЖалал-Абад облустук ооруканасына жакын жолдун четиндеги дарыкана, дүкөндөр буздурула баштады
Next Article Ысык-Көлдө малдын тукумун жакшыртуу боюнча долбоор талкууланды

Related Posts

Бакиев келсе кайрадан соттук териштирүү өткөрөбүз,

Май 28, 2025

Чымкент шаарында Кыргызстандын ардактуу консулдугу ачылды

Май 28, 2025

Кыргызстанга ЖККУга мүчө мамлекеттердин коргоо министрлеринин кеңешинин жыйынына катыша турган өкүлдөр келди

Май 28, 2025
Top Posts
Advertisement
ЖАРНАМА EurasiaPulse баннер

eurasiapulse.com

Facebook Instagram YouTube TikTok Telegram
© 2026 eurasiapulse.com. Designed by Eurasiapulse.com.

Type above and press Enter to search. Press Esc to cancel.

Go to mobile version