Close Menu
  • Башкы бет
  • Борбордук Азия
  • Саясат
  • Дүйнө
  • Коом
  • Маданият
  • Спорт
  • Янгиликлар
What's Hot

Токаев АКШтагы жаңы Казакстан элчисин дайындады

Октябрь 20, 2025

Бакиев келсе кайрадан соттук териштирүү өткөрөбүз,

Май 28, 2025

Чымкент шаарында Кыргызстандын ардактуу консулдугу ачылды

Май 28, 2025
Facebook Instagram TikTok Telegram
  • Кыргызча
    • Қазақ тілі
    • Oʻzbek
    • Кыргызча
    • 中文 (中国)
    • Русский
Facebook X (Twitter) Instagram
EurasiaPulse
  • Башкы бет
  • Борбордук Азия
  • Саясат

    Токаев АКШтагы жаңы Казакстан элчисин дайындады

    Октябрь 20, 2025
  • Дүйнө
  • Коом
  • Маданият
  • Спорт
  • Янгиликлар
EurasiaPulse
Главная страница » Садыр Жапаров Мамдуманын төрагасы Вячеслав Володин менен бетме-бет сүйлөштү
Янгиликлар

Садыр Жапаров Мамдуманын төрагасы Вячеслав Володин менен бетме-бет сүйлөштү

Май 20, 2025
Facebook Twitter LinkedIn Telegram Pinterest Tumblr Reddit WhatsApp Email
Share
Facebook Twitter LinkedIn Pinterest Email

Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.

АКИpress –  Садыр Жапаров бүгүн, 19-майда Кыргызстанга расмий сапар менен келген Россия Федерациясынын Федералдык жыйынынын Мамлекеттик Думасынын төрагасы Вячеслав Володин менен жолугушуу өткөрдү.

Тараптар кыргыз-орус кызматташтыгынын, парламенттер аралык мамилелердин негизги багыттарын, ошондой эле эки жактуу соода-экономикалык жана гуманитардык өз ара аракеттенүүнүн маселелерин талкуулашты.

Мамлекет башчысы Кыргызстан Россия менен болгон мамилени жогору баалай турганын жана аны достук, союздаштык жана өз ара сый-урмат духунда мындан ары да тереңдетүүгө умтуларын белгиледи. Анын айтымында, үстүбүздөгү жыл эки тараптуу алакалар үчүн өзгөчө мааниге ээ, анткени эки өлкөнүн ортосундагы Түбөлүк достук, союздаштык жана өнөктөштүк декларациясына кол коюлганына 25 жыл толду.

Садыр Жапаров кыргыз-орус стратегиялык өнөктөштүгү ырааттуу жана динамикалуу өнүгүп жатканын белгиледи. Ошондой эле бардык багыттар боюнча толук масштабдуу кызматташууну мындан ары өнүктүрүүгө даярдыгын билдирип, эки тараптуу диалогдун ажырагыс бөлүгү катары парламенттер аралык өз ара аракеттенүүнүн маанилүүлүгүн көрсөттү.

Өз кезегинде Вячеслав Володин Президент Садыр Жапаровго жылуу кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, Россия Федерациясынын президенти Владимир Путиндин саламын жолдоду.

Ал Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы саясий диалогдун жогорку деңгээлин белгилеп, өлкөлөр ортосундагы мамилелер өз ара урматтоо жана улуттук кызыкчылыктарды эске алуу принциптеринде курулгандыгын көрсөттү.

Вячеслав Володин эки өлкө ортосундагы парламенттер аралык диалогдун туруктуу жана системалуулугун камсыздоо боюнча ырааттуу жана системалуу иштер жүргүзүлүп жатканы белгиледи. Буга байланыштуу ал стратегиялык өнөктөштүктүн ажырагыс бөлүгү катары эки өлкөнүн мыйзам чыгаруу органдарынын ортосундагы үзгүлтүксүз диалогдун маанилүүлүгүн, ошондой эле конструктивдүү парламенттер аралык кызматташууну мындан ары тереңдетүүгө даярдыгын белгиледи.

Жолугушуунун соңунда Садыр Жапаров Вячеслав Володинге конструктивдүү жана мазмундуу баарлашуусу үчүн ыраазычылык билдирип, кыргыз-орус мамилелерин чыңдоого багытталган жооптуу ишинде ийгиликтерди каалады.

Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды

Source link

Share. Facebook Twitter Pinterest LinkedIn Tumblr Telegram Email
Previous ArticleСузактын Жаңы-Дыйкан айылындагы мектепти 20 жыл мурда аяктагандар майып классташына жаңы үй салып беришти
Next Article Минкаб Чаткалдагы Аючачыда алтын иштетүүгө уруксат берди

Related Posts

Бакиев келсе кайрадан соттук териштирүү өткөрөбүз,

Май 28, 2025

Чымкент шаарында Кыргызстандын ардактуу консулдугу ачылды

Май 28, 2025

Кыргызстанга ЖККУга мүчө мамлекеттердин коргоо министрлеринин кеңешинин жыйынына катыша турган өкүлдөр келди

Май 28, 2025
Іздеу
Категориялар
  • Main KG (1)
  • Саясат (1)
  • Янгиликлар (1,318)
Top Posts

Subscribe to Updates

Get the latest sports news from SportsSite about soccer, football and tennis.

Advertisement
Demo

eurasiapulse.com

Facebook Instagram YouTube TikTok Telegram
Top Insights
Get Informed

Subscribe to Updates

Get the latest creative news from FooBar about art, design and business.

© 2025 eurasiapulse.com. Designed by Eurasiapulse.com.

Type above and press Enter to search. Press Esc to cancel.