Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.
АКИpress – Садыр Жапаров 8-9-майда Россиянын президенти Владимир Путиндин чакыруусу менен Россия Федерациясына барат. Бул тууралуу Президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Сагынбек Абдумуталип билдирди.
«Алдыдагы иш сапардын алкагында мамлекет башчысы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чараларга катышат.
Садыр Жапаров чет өлкөлүк мамлекет жана өкмөт башчылары, ошондой эле Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери менен бирге Москвадагы Кызыл аянтта өтүүчү маарекелик Жеңиш парадына катышат.
Салтанаттуу парадга Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн Улуттук гвардиясынын Параддык бөлүгү да катышат», – деди Сагынбек Абдумуталип.
Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды
									 
					