Close Menu
  • Башкы бет
  • Борбордук Азия
  • Саясат
  • Дүйнө
  • Коом
  • Маданият
  • Спорт
  • Янгиликлар
What's Hot

Токаев АКШтагы жаңы Казакстан элчисин дайындады

Октябрь 20, 2025

Бакиев келсе кайрадан соттук териштирүү өткөрөбүз,

Май 28, 2025

Чымкент шаарында Кыргызстандын ардактуу консулдугу ачылды

Май 28, 2025
Facebook Instagram TikTok Telegram
  • Кыргызча
    • Қазақ тілі
    • Oʻzbek
    • Кыргызча
    • 中文 (中国)
    • Русский
Facebook X (Twitter) Instagram
EurasiaPulse
  • Башкы бет
  • Борбордук Азия
  • Саясат

    Токаев АКШтагы жаңы Казакстан элчисин дайындады

    Октябрь 20, 2025
  • Дүйнө
  • Коом
  • Маданият
  • Спорт
  • Янгиликлар
EurasiaPulse
Главная страница » Садыр Жапаров Сауд Арабиянын делегациясын кабыл алды
Янгиликлар

Садыр Жапаров Сауд Арабиянын делегациясын кабыл алды

Май 23, 2025
Facebook Twitter LinkedIn Telegram Pinterest Tumblr Reddit WhatsApp Email
Share
Facebook Twitter LinkedIn Pinterest Email

Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.

АКИpress –  Садыр Жапаров бүгүн, 22-майда Сауд Арабия Падышалыгынын Соода-өнөр жай палаталары федерациясынын башкарма төрагасы Хасан Моажеб Аль-Хувайзини жана падышалыктын алдыңкы компанияларынын өкүлдөрүн кабыл алды.

Жолугушууда инвестициялык кызматташуу, соода-экономикалык байланыштарды чыңдоо жана эки тараптуу кызматташууну кеңейтүү маселелери талкууланды.

Мамлекет башчысы 21-майда Бишкекте өткөн Кыргыз-Сауд Ишкерлер кеңешинин экинчи жыйынынын алкагында Сауд Арабиянын делегациясы кыргыз ишкерлери менен конструктивдүү мамилелерди түзүүгө мүмкүнчүлүк алды деген ишенимин билдирди.

Президент Кыргызстанда жүргүзүлүп жаткан масштабдуу реформалар жана ири инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруу тууралуу айтып берип, жагымдуу инвестициялык климатты түзүү аракеттерине басым жасады. Белгиленгендей, өлкөдө инвесторлордун укуктарын коргоо жана ишкерлик жүргүзүү үчүн ыңгайлуу шарттарды камсыз кылуу боюнча мыйзамдык чаралар кабыл алынган.

Садыр Жапаров дараметтүү кызматташуунун артыкчылыктуу багыттарын, анын ичинде энергетика, туризм, кыймылсыз мүлк, банк сектору, логистика, санариптештирүү жана айыл чарба экспортун белгиледи.

Өз кезегинде Хасан Моажеб Аль-Хувайзи Кыргызстан келечектүү инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн зор потенциалы бар, жагымдуу жана негизинен али өздөштүрүлө элек аймак экенин белгиледи. Ал эки жактуу кызматташтыкты кеңейтүүгө кызыкдар экенин билдирип, түрдүү тармактарда биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууда жигердүү жана конструктивдүү өз ара аракеттенүүгө даярдыктарын ырастады.

Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды

Source link

Share. Facebook Twitter Pinterest LinkedIn Tumblr Telegram Email
Previous ArticleАбыл Жапаркулов Ысык-Атанын Кең-Булуң айыл өкмөтүнүн башчысы болуп дайындалды
Next Article Россия Украинага 128 дрон менен чабуул жасады,

Related Posts

Бакиев келсе кайрадан соттук териштирүү өткөрөбүз,

Май 28, 2025

Чымкент шаарында Кыргызстандын ардактуу консулдугу ачылды

Май 28, 2025

Кыргызстанга ЖККУга мүчө мамлекеттердин коргоо министрлеринин кеңешинин жыйынына катыша турган өкүлдөр келди

Май 28, 2025
Іздеу
Категориялар
  • Main KG (1)
  • Саясат (1)
  • Янгиликлар (1,318)
Top Posts

Subscribe to Updates

Get the latest sports news from SportsSite about soccer, football and tennis.

Advertisement
Demo

eurasiapulse.com

Facebook Instagram YouTube TikTok Telegram
Top Insights
Get Informed

Subscribe to Updates

Get the latest creative news from FooBar about art, design and business.

© 2025 eurasiapulse.com. Designed by Eurasiapulse.com.

Type above and press Enter to search. Press Esc to cancel.