Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.
Turmush — Бүгүн, 12-майда Жалал-Абад шаарында 639 батирлүү «Асман резиденс 1» [ЖК «Asman Residence»] турак жай комплекси пайдаланууга берилди.
Маалым болгондой, үйдүн ачылышына өлкө башчысы Садыр Жапаров катышты. Анда мамлекет башчы турак жайлуу болгон тургундарды конуштуу болуусу менен куттуктап, жакшылыктарды каалады. Алардын эн негизги мүдөөлөрү элди турак жай менен камсыздоо багыты болорун белгиледи.
Бул Жалал-Абад облусунда Мамлекеттик ипотекалык компания куруп жаткан турак жайлардын алгачкысы болуп эсептелет. Мындан сырткары калаада дагы 2 жерде, Сузак районунда 3 жерде курулуп жата. Район борборундагы турак жайдын курулушу дээрлик бутуп калган. Жалпы облус боюнча Жалал-Абад, Таш-Көмүр шаарын жана Сузак районундагы курулуштарды эсептегенде 11 миңдей батир курулуп жатат.
Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды
