Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.
АКИpress – Бүгүн, 8-майда саламаттыкты сактоо министри Чечейбаев Эркин Маратовичке сөгүш берилди. Ал тууралуу тескемеге президент Садыр Жапаров кол койгонун басма сөз кызматы билдирди.
Мындай чечимге министрдин жүктөлгөн эмгек милдеттерин талаптагыдай аткарбаганы негиз болду.
8-майда президент Садыр Жапаров Республикалык диагностикалык борборго пландан тышкары барган. Бул мекемеде чет элдик адистердин катышуусунда балдардын кардиохирургиясы боюнча гуманитардык программа жүргүзүлүп жатат. Президенттин бүгүнкү сапарына борбордогу абалдын оордугуна байланыштуу нааразычылыктар себеп болду.
Мамлекет башчысына жүрөктүн оор патологиясынан жабыркаган 24 бала операцияны күтүп жатканы маалымдалды. Операция башталгандан бери 3 бала көз жумган. Ал эми чакырылган адистер борбордо квалификациялуу медициналык жардам көрсөтүү үчүн зарыл шарттар жок экенин билдиришти.
Мамлекет башчы өтө катуу нааразычылыгын билдирип, саламаттыкты сактоо министри Эркин Чечейбаевди шалаакылык жана жоопкерчиликсиздиги үчүн сынга алды.
«Министр биринчи кезекте медициналык мекемеде зарыл шарттарды түзүп бериши керек. Ар бир маселе чечилгенге чейин күнү-түнү ушул жерде болууга тийиш. Бул үчүн туура эки күн убакыт берем», – деди Садыр Жапаров.
Э.Чечейбаев саламаттыкты сактоо министри болуп 2025-жылдын 5-февралында дайындалган.
Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды
