Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.

Turmush — Самидин Атабаев Ош шаарынын мусулмандарынын казысы болуп дайындалды. Бул тууралуу муфтияттан билдиришти.
Маалыматка караганда, аны бул кызматка дайындалышы жөнүндөгү тиешелүү буйрукка муфтий Абдулазиз Закиров кол коюп, аны жамаатка расмий тааныштырды.
Самидин Атабаев буга чейин Ысык-Көл облусунун мусулмандарынын казысы болуп эмгектенген.
Ош шаарынын буга чейинки казысы Мирланбек Токтомушов Ош шаарынын казысы кызматынан бошотулду. Ал алдамчылыкка шектелип кармалган. 22-майда Токтомушев УКМКга жеткирилген. Кийин үй камагына чыккан. Тергөөнүн маалыматы боюнча, Ош казыятынын кызматкерлери мечиттердин жана медреселердин кызматкерлеринен системалуу түрдө мыйзамсыз акча чогултушкан. Казыяттын айрым өкүлдөрү муну жеке кызыкчылыктарынан улам жасашкан.
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды