Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.
АКИpress – Казакстандын мурдагы президенти Нурсултан Назарбаевдин жубайы Сара Назарбаева ооруп жатат, деп билдирди Алматы шаардык коомдук кеңешинин мүчөсү Рафаэль Гасанов.
«Сара Алпысовна ооруп жатабы деп сурап жатышат. Тилекке каршы бул чындык», – деп жазды социалдык түйүндөгү баракчасына.
Гасанов Назарбаеванын дартын тактаган жок.
«Орда» өз булактарына таянып, С.Назарбаева Казакстандын президентинин иш башкармалыгынын Алматыдагы медициналык борборуна жаткырылганын, жанында жакын туугандары бар экенин билдирди. Ал эми медициналык борбор мурдагы биринчи айым ооруканага жаткырылганы тууралуу маалыматты ырастаган да, төгүндөгөн да жок, деп жазды «Nur.kz».
Назарбаевдин катчысы журналисттердин суроосуна жооп берген эмес.
Сара Назарбаева (мурдагы фамилиясы — Конакаева) 1941-жылы 12-февралда Караганды облусунда туулган. Ал мектепти аяктагандан кийин экономист адистигин алган. Назарбаев менен 21 жашында таанышкан. Алардын 3 кызы бар — Дарига, Динара жана Алия.
1992-жылы Назарбаева (бул учурда анын жолдошу Казакстандын президенти болчу) «Бөбөк» балдар кайрымдуулук фондун негиздеген. 1994-жылдан тарта ал «SOS — Казакстандын балдар айылдары» фондунун президенти, 1999-жылдын мартынан тарта «Демография» фондунун камкорчулар кеңешинин төрайымы.
2023-жылы Нурсултан Назарбаев «Менин өмүрүм» аттуу эскерүүсүндө экинчи үй-бүлөсү бар экенин мойнуна алган. Анын айтымында, 2000-жылы «Казакстан сулуусу» сынагынын катышуучусу болгон Асел Исабаева ага Тауман жана Байкен аттуу эки уул төрөп берген.
Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды
									 
					