Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.
Turmush — Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Шопоков шаарынын көчөсүнө жаңы отургучтар орнотулуп, эки жаңы кичи-футбол аянтчанын курулуш иштери башталды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, калаа мэри Нурадил Становдун инвесторлор менен өткөргөн сүйлөшүүлөрүнүн, ошондой эле шаар тургундарынын көптөгөн өтүнүчтөрүнүн негизинде, шаарда эки жаңы мини футбол аянтчасынын курулушу жүрүп жатат. Алардын бири эколого-экономикык мектеп-лицейинин аймагында, экинчиси Ынтымак конушунда жайгашат.
«Бардык иштер демөөрчүлөрдүн каражатына аткарылууда. Бул болсо шаардык бюджетти үнөмдөөгө жана аны башка артыкчылыктуу багыттарга мүмкүнчүлүк берет. Бул долбоордун ишке ашырылышы шаар тургундарынын демилгелерин колдоо гана эмес, спорттук инфратүзүмдү өнүктүрүүгө жана жаштардын ден соолугун чыңдоого да салым кошот. Ошондой эле, шаардын борбордук Ленин көчөсүндө жаңы отургучтарды орнотуу иштери аяктады. Бул долбоор жергиликтүү бюджеттин эсебинен, коомдук мейкиндиктерди көрктөндүрүү программасынын алкагында ишке ашырылды. №106 кесиптик лицейинин 2-курсунун студенттерине курулуш иштерине активдүү катышкандыгы үчүн ыраазычылык билдиребиз.Бардык тургундарды жана конокторду жаңы коомдук мүлккө аяр мамиле кылууга чакырабыз», – деп айтылат маалыматта.
Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды
 
									 
					