Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.
Turmush — Бүгүн, 8-майда Талас районунун Шумкар-Уя айыл аймагында Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдык мааракесине арналган салтанаттуу иш-чара өткөрүлдү, деп билдирет аймактык кабарчы.
Маалыматка караганда, иш-чарага айыл өкмөтүнүн өкүлдөрү, жергиликтүү тургундар, мугалимдер, окуучулар жана ардагерлер катышты.
Майрамдык иш-чара Кыргыз Республикасынын мамлекеттик гимнинин жаңырышы жана эскерүү мемориалына гүл коюу аземи менен башталып, согуш ардагерлерине терең ыраазычылык билдирилип, белектер тапшырылды.
Окуучулар өз өнөрлөрүн көрсөтүп, ыр, поэзия жана чакан сахналык көрүнүштөр аркылуу Жеңиш күнүнүн маанисин ачып беришти. Салтанаттуу иш-чара майрамдык дасторкон менен жыйынтыкталды.
Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды
