Close Menu
  • Башкы бет
  • Борбордук Азия
  • Саясат
  • Дүйнө
  • Коом
  • Маданият
  • Спорт
  • Янгиликлар
What's Hot

Токаев АКШтагы жаңы Казакстан элчисин дайындады

Октябрь 20, 2025

Бакиев келсе кайрадан соттук териштирүү өткөрөбүз,

Май 28, 2025

Чымкент шаарында Кыргызстандын ардактуу консулдугу ачылды

Май 28, 2025
Facebook Instagram TikTok Telegram
  • Кыргызча
    • Қазақ тілі
    • Oʻzbek
    • Кыргызча
    • 中文 (中国)
    • Русский
Facebook X (Twitter) Instagram
EurasiaPulse
  • Башкы бет
  • Борбордук Азия
  • Саясат

    Токаев АКШтагы жаңы Казакстан элчисин дайындады

    Октябрь 20, 2025
  • Дүйнө
  • Коом
  • Маданият
  • Спорт
  • Янгиликлар
EurasiaPulse
Главная страница » Собянин Москвага багытталган 27 учкучсуз аппарат жок кылынганын билдирди
Янгиликлар

Собянин Москвага багытталган 27 учкучсуз аппарат жок кылынганын билдирди

Май 22, 2025
Facebook Twitter LinkedIn Telegram Pinterest Tumblr Reddit WhatsApp Email
Share
Facebook Twitter LinkedIn Pinterest Email

Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.

АКИpress –  Москва шаарынын мэри Сергей Собянин 22-майга караган түнү шаарга кире бериште Украина учурган бир нече учкучсуз учак атып түшүрүлгөнүн «Telegram»-каналы аркылуу маалымдады.

Анын билдирүүсүнө ылайык, Москва убактысы боюнча саат 01:53те биринчи украиналык дрон атып түшүрүлгөн. Бир саат өткөндөн кийин Собянин 4 учкучсуз аппарат, дагы 45 мүнөттөн кийин – 8 аппарат жок кылынгандыгы тууралуу маалымат жарыялаган. Саат 03:43тө шаар башчысы орус аскерлери 4 учкучсуз аппаратты атып түшүргөнүн, саат 04:22де дагы бир аппарат тууралуу маалымат жайгаштырган. Саат 05:06да абадан коргонуу күчтөрү борборго багытталган 5 учкучсуз аппараттын чабуулун, ал эми саат 05:30да дагы үчөөнүн чабуулун токтоткон.

Түн ичинде Росавиация Москванын «Домодедово», «Жуковский», «Внуково» жана «Шереметьево» аэропортторунун ишине чектөө киргизген. Саат 05:30да «Шереметьеводо», саат 05:55те калган 3 аба бекетинде чектөө алып салынды.

Мындан тышкары эртең мененкиге чейин Владимир шаарынын «Семязино» аэропортунда да чектөөлөр болгон. Учурда Тамбовдогу аэропортто учактарды кабыл алуу жана учуруу боюнча чектөөлөр уланууда.

21-майда Собяниндин билдирүүсүнө ылайык, Москвага жакын жерде 27 украиналык учкучсуз аппарат жок кылынган.

Москва убактысы боюнча саат 20:00дөн 23:50гө чейин абадан коргонуу күчтөрү 77 украиналык учкучсуз аппаратты жок кылган, деп билдирди Россиянын Коргоо министрлиги.

42 аппарат Курск облусунун үстүнөн, 14 даана Белгород облусунун үстүнөн, 9 аппарат Москва облусунун үстүнөн атып түшүрүлгөн. 8 учкучсуз аппарат Орел облусунун үстүнөн, дагы экөө Калуга облусунун үстүнөн жана Рязань менен Тула облустарында бирден аппарат жок кылынган.

Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды

Source link

Share. Facebook Twitter Pinterest LinkedIn Tumblr Telegram Email
Previous ArticleКыргызстандын күн менен шамалдан электр энергиясын алуу мүмкүнчүлүгү барбы? Адистен жооп
Next Article Ысык-Ата районундагы Новопокровка—Сары-Жон унаа жолу ачылды

Related Posts

Бакиев келсе кайрадан соттук териштирүү өткөрөбүз,

Май 28, 2025

Чымкент шаарында Кыргызстандын ардактуу консулдугу ачылды

Май 28, 2025

Кыргызстанга ЖККУга мүчө мамлекеттердин коргоо министрлеринин кеңешинин жыйынына катыша турган өкүлдөр келди

Май 28, 2025
Іздеу
Категориялар
  • Main KG (1)
  • Саясат (1)
  • Янгиликлар (1,318)
Top Posts

Subscribe to Updates

Get the latest sports news from SportsSite about soccer, football and tennis.

Advertisement
Demo

eurasiapulse.com

Facebook Instagram YouTube TikTok Telegram
Top Insights
Get Informed

Subscribe to Updates

Get the latest creative news from FooBar about art, design and business.

© 2025 eurasiapulse.com. Designed by Eurasiapulse.com.

Type above and press Enter to search. Press Esc to cancel.