Close Menu
  • Башкы бет
  • Борбордук Азия
  • Саясат
  • Дүйнө
  • Коом
  • Маданият
  • Спорт
  • Янгиликлар
What's Hot

Токаев АКШтагы жаңы Казакстан элчисин дайындады

Октябрь 20, 2025

Бакиев келсе кайрадан соттук териштирүү өткөрөбүз,

Май 28, 2025

Чымкент шаарында Кыргызстандын ардактуу консулдугу ачылды

Май 28, 2025
Facebook Instagram TikTok Telegram
  • Кыргызча
    • Қазақ тілі
    • Oʻzbek
    • Кыргызча
    • 中文 (中国)
    • Русский
Facebook X (Twitter) Instagram
EurasiaPulse
  • Башкы бет
  • Борбордук Азия
  • Саясат

    Токаев АКШтагы жаңы Казакстан элчисин дайындады

    Октябрь 20, 2025
  • Дүйнө
  • Коом
  • Маданият
  • Спорт
  • Янгиликлар
EurasiaPulse
Главная страница » Согуштан кайтпай калган кызыл-суулук жоокерлер
Янгиликлар

Согуштан кайтпай калган кызыл-суулук жоокерлер

Май 9, 2025
Facebook Twitter LinkedIn Telegram Pinterest Tumblr Reddit WhatsApp Email
Share
Facebook Twitter LinkedIn Pinterest Email

Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.

Turmush — Улуу Ата Мекендик согушта Кызыл-Суу айыл аймагынан 399 жоокер аттанып, алардын 133ү кайтпай калган. Бул макалада алардын эрдиги, тарыхтагы орду жана кагаз бетине түбөлүк жазылган баатырлар тууралуу баян кылынат.

1941–1945-жылдар аралыгында Советтер Союзунун аймагына баскынчылык менен кирген фашисттик Германиянын аскерлерине каршы күрөшүүгө жалпысынан 360 миңден ашуун кыргызстандык жоокер согушка аттанган. Алардын катарында Ош облусунун азыркы Кара-Суу районуна караштуу Кызыл-Суу айыл аймагынан (согуш учурунда Куршаб районуна караштуу Кызыл-Суу айылдык советине караган Кайтпас, Эркин-Тоо, Жаңы-Кайрат, Жаңы-Жол колхоздорунан) жалпы 399 киши согушка жөнөтүлгөн.

Тилекке каршы, алардын ичинен 133 жоокер өз мекенине кайтып келген эмес. Айрымдары дайынсыз жоголсо, көбү согуш талаасында баатырларча курман болушкан. Ал эми аман кайтып келгендердин басымдуу бөлүгү ден соолугунан ажырап, колу-буту жок майып болуп кайтышкан. Кээ бирлери снаряд жана бомбалардын жарылышынан оор жаракат алышкан.

Согуштан аман кайткан ардагерлердин эскерүүлөрү жана архивдик документтердин негизинде айрым жоокерлердин фронттогу эрдиктери төмөнкүдөй баяндалат:

Бабай Сатимбаев

1914-жылы Кызыл-Суу айылдык советине караштуу Чайчы айылында туулган. 1941-жылдын 7-декабрында, 27 жаш курагында армияга чакырылган. Ал Советтер Союзунун баатыры генерал-майор М.Панфилов башында турган 118-аткычтар дивизиясынын 23-полкунда гвардиячы жоокер катары кызмат өтөгөн. Алгач Смоленск шаарын коргоого катышып, кийин Псков облусундагы салгылаштарга катышкан. 1944-жылдын 5-мартында Великая дарыясынын жээгиндеги айылдарды бошотуу учурунда душмандардын катуу артиллериялык каршылыгына туш болуп, снаряддын чачырандылары тийип оор жаракат алган жана бир колунан айрылган. Ал «За отвагу» жана «Отечественной войны» I даражадагы ордени менен сыйланган. Согуштан кийин айылында эмгектенип, 1992-жылы дүйнө салган.

Коңурбай Исаков

1923-жылы Корок айылында туулган. 1941-жылы 18 жашында согушка аттанып, 213-танкалык бригаданын курамында, 6-Городокдук Кызыл Туу ордени менен сыйланган мото-инженердик гвардиялык батальондо сапёр болуп кызмат өтөгөн. Ал 1-, 2- жана 3-Белорус фронтторунда салгылашкан.

1945-жылдын 28-апрелинде Калининград облусунун Фурмановка аймагында душмандар коюп кеткен миналарды таап, өз убагында зыянсыздандыруу менен танктардын колоннасына Германияга тоскоолдуксуз өтүүгө мүмкүнчүлүк берген. Ал кармашта 10го жакын душман жоокерин жок кылган. Бул эрдиги үчүн «Кызыл Жылдыз» ордени менен сыйланган.

Эргеш Алайчиев

1904-жылы Куршаб районунун Кара-Таш айылдык советине караштуу Ийрек айылында туулган. 1942-жылы 18-мартта согушка жөнөтүлгөн. Алгач 11-запастагы аткычтар дивизиясынын 364-полкунда кенже командирлер курсун бүтүргөн. 1942-жылдын 14-майында командир отделения аскердик чинин алып, 208-аткычтар дивизиясынын курамында Ржев салгылашуусуна катышкан. Ошол салгылашта дайынсыз жоголгон деген кабар келген.

Тарыхчылардын маалыматына ылайык, Ржев-Сычёвск стратегиялык чабуул операциясында Калинин фронтунун жоокерлери Германиянын «Центр» армиялар тобуна каршы салгылашкан. Бул операция эл арасында «Ржевская мясорубка» деген ат менен белгилүү, анткени болгону эки айдын ичинде (1942-жылдын 30-июлунан 1-октябрына чейин) Советтик Армиянын 300 миңден ашуун жоокери курман болгон. Эргеш Алайчиев да дал ошол салгылашууда курман болгону кийинчерээк аныкталган. Бул кармаш тууралуу маалыматтар 2007-жылга чейин жашырылып келген.

Элдик салым

Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында Кызыл-Суу айылдык советинин төрагасы Жолдош Атабаев элди дем берип, курал-жарак үчүн каражат чогултуу боюнча демилге көтөргөн. Анын жетекчилиги алдында 30 миң рублдан ашык каражат чогултулуп, бул акчага чоң калибрдеги гаубица жасалган. Ал Берлинге чейин жетип, Кызыл-Суу айылынын элине Иосиф Сталин тарабынан ыраазычылык каты жөнөтүлгөн. 1990-жылы бул гаубица айылга эстелик катары алынып келинип, борбордук аянтка орнотулган.

Бүгүнкү күндө Кара-Суу районуна караштуу Кызыл-Суу айылында согуштан кайтпай калган 133 баатырдын ысымдары жазылган эстелик тургузулган. Ал айкел Улуу Ата Мекендик согуштун кайгылуу, бирок унутулгус тарыхын эскертип турат.

Убакыт өткөн сайын согуштан аман кайткан ардагерлердин саны азайып баратат. Алардын ысымдары жана эрдиктери ошол эстеликтеги ысымдардын катарын толуктап, Улуу Жеңишке кошкон салымы менен эл эсинде түбөлүк калууга тийиш.

Эч ким, эч нерсе унутулбайт! Улуу Жеңишти тартуулаган баатыр ата-бабаларыбызга терең таазим!

Жазган Жеңишбек Аширбаев

Жеңишбек Аширбаев — Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын ардагери, милициянын отставкадагы полковниги, Кыргызстан Журналисттер союзунун мүчөсү. «Мезгил сынагындагы милиция», «Ок астындагы өмүрлөр» аттуу китептердин автору.

  • «За отвагу» медалы («Эрдиги үчүн» медалы) — СССРдин эң жогорку даражадагы жоокердик медалдарынын бири болгон. Медаль 1938-жылы негизделген. Ал жоокерлерге, сержанттарга, кенже офицерлерге жана кээде жарандык адамдарга да ыйгарылган. Бул медаль өзгөчө жеке эрдикти жана тайманбастыкты баалоо үчүн берилчү, жамааттык ийгиликтер үчүн эмес.
  • «Кызыл Жылдыз» ордени СССР учурунда берилген. Ал: аскердик кызматтагы каармандык үчүн; согуш талаасында көрсөткөн эрдик жана чебердик үчүн; чек араны коргоодо же ички коопсуздукту камсыздоодо көрсөткөн эрдик үчүн ыйгарылган. Кыскача айтканда, «Кызыл Жылдыз» ордени фронтто, согуштук аракеттерде өзгөчө баатырдык көрсөткөн аскерлерге, офицерлерге жана айрым учурларда жөнөкөй кызматкерлерге да берилген.
  • «Отечественной войны» I даражадагы ордени: Бул орден согуш учурунда өзгөчө эрдик, жоокердик чечкиндүүлүк көрсөткөн жана аскердик ийгиликтин чечүүчү учурларында башкы ролду ойногон аскер кызматкерлери менен партизандарга берилген. Мисалы, душмандын оор техникасын (танк, учак, артиллерия) жеке өзү жок кылган, майдандын жүрүшүнө таасир берген тактикалык демилге көрсөткөн, жарадар болсо да согушту улантып, рота, взводду сактап калган жоокерлерге берилген.

Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды

Source link

Share. Facebook Twitter Pinterest LinkedIn Tumblr Telegram Email
Previous ArticleЖалал-Абад облусунда дарыгерлер онкологиялык оорулар боюнча акысыз кеңеш беришет
Next Article Президент Садыр Жапаров Москвадагы Жеңиш парадына катышты

Related Posts

Бакиев келсе кайрадан соттук териштирүү өткөрөбүз,

Май 28, 2025

Чымкент шаарында Кыргызстандын ардактуу консулдугу ачылды

Май 28, 2025

Кыргызстанга ЖККУга мүчө мамлекеттердин коргоо министрлеринин кеңешинин жыйынына катыша турган өкүлдөр келди

Май 28, 2025
Іздеу
Категориялар
  • Main KG (1)
  • Саясат (1)
  • Янгиликлар (1,318)
Top Posts

Subscribe to Updates

Get the latest sports news from SportsSite about soccer, football and tennis.

Advertisement
Demo

eurasiapulse.com

Facebook Instagram YouTube TikTok Telegram
Top Insights
Get Informed

Subscribe to Updates

Get the latest creative news from FooBar about art, design and business.

© 2025 eurasiapulse.com. Designed by Eurasiapulse.com.

Type above and press Enter to search. Press Esc to cancel.