Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.
Turmush — 82 жаштагы Бурулуш Абкеева Ысык-Көл облусунун Тоң районуна караштуу Тогуз-Булак айылынын тургуну. 10 балалуу «Баатыр эне» орденинин ээси менен аймактык кабарчы маек курду.
«Мен 1943-жылы Тоңдун Ак-Сай айылында төрөлгөм. Төрт бир туугандын ортончусумун, эжем жана 2 иним бар эле. 1959-жылы Тогуз-Булак айылына келин болуп келип, бүгүнкү күнгө чейин ошол жерде күн кечирип келем. 16 жашымда 9-классты бүтөрүм менен турмуш жолуна аттангам, ал убакта адамдар эрте үй-бүлө курушчу. Мындан улам жогорку окуу жайда окубай калдым. Турмушка чыккандан кийин Шерманбетова болуп, жолдошумдун фамилиясына өткөм. Абышкам Шермамбетов Социал Шерманбетович, 1934-жылкы. Экөөбүз 59 жыл чогуу түтүн булатып жашадык, 6 уул жана 4 кыздуу болдук», – деди ал.
– Тун уулу Эмилбек, 1960-жылкы;
– Экинчи кызы Гүлжан, 1962-жылкы;
– Үчүнчү уулу Эдилбек, 1964-жылкы;
– Төртүнчү кызы Айжан, 1966-жылкы;
– Бешинчи кызы Асылкан, 1967-жылкы;
– Алтынчы уулу Эрнис, 1970-жылкы;
– Жетинчи уулу Эшимбек, 1973-жылкы;
– Сегизинчи уулу Алматай, 1976-жылы;
– Тогузунчу кызы Гүлиза, 1977-жылкы;
– Онунчу уулу Амантай, 1979-жылкы.
Эмгекке катуу маани берилген Совет мезгилинде Бурулуш Абкеева жолдошу менен бирге күндүр-түндүр эмгектенип, кийин акы-бети кайтып, мамлекет тарабынан сыйланышкан.
«Союз убагында төрөгөнгө чейин 52 күн, төрөгөндөн кийин 52 күн эс алууга чыкчубуз. Андан кийин дароо жумушка чыгып иштечүбүз. Жаңы баш кошконбузда абышкам уй бакчу, мен саанчы болдум. Жолдошум айдоочу болуп иштеген учурда, мен дүкөндө иштедим. Кийин кайра топоз, уй, туут кой багып, эмгегибиз бааланып, союз убагында «Эмгек» медалы менен сыйландык.
Жашоодо оош-кыйыштар, жакшылык жана жамандыктар болот экен, баарын чогуу жеңип келдик. 2015-жылы абышкам жүрөк оорудан улам көзү өтүп кетти. Абышкам Социал берешен, элдик киши эле, байбиче деп кеңешип сыйлап турчу. Анткени өзүмдүн кайнатам 3 айылдын балдарын окутуптур, өз колу менен мектеп салыптыр. 1936-жылы сабатсыздыгы жоюлган, окуганды, жазганды билгендиги үчүн репрессияга алып кетиптир.
Жолдошум беш бир тууган. Атасы жок жетимчиликти көрүп кыйналган күндөрүн айтып берчү, машак теришчү экен. Ошондон уламбы аз камсыз болгон айылдаштарына, бир туугандарына жардамын аябачу», – деди ал.
Баатыр эне бүгүнкү күндө да неберелерине, чөбөрөлөрүнө акыл-кеңештерин айтып, тарбиясын берип келет.
«”Баатыр эне” орденин алдым, балдарыбызды жакшы тарбиялап өстүрдүк. Кудайга шүгүр, баарын окуттук, үйлөнттүк, жайланттык, 32 небере жана 30 чөбөрөбүз бар.
Азыр кичүү уул-келиним, неберелерим менен чогуу жашайбыз. Башка балдар, кыздарымдыкына конокко барып турам. Бири кем дүйнө, 2 уул жана 1 кызымдан ажырап калдым. Эне үчүн балдарын жоготуу абдан оор экен.
Учурда балдарыма, неберелериме, чөбөрөлөрүмө ак батамды берип, жакшылыктарына күбө болуп, дөөлөтүн көрүп отурам.
Элибизде тынчылык, токчулук, молчулук болсун. Кыргыз элим өсүп-өнсүн. Келечеги кең болсун!» – деп сөзүн жыйынтыктады Бурулуш Абкеева.
Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды
