Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.
АКИpress – Чүй облусунун Сокулук районунун Сары-Өзөн айыл аймагында 990 гектар жер мыйзамсыз пайдаланылганы аныкталды. Бул тууралуу УКМК билдирди.
Тактап айтканда Сокулук районунун акиминин мурдагы орун басары Р.И.А., өкүл баласы болуп саналган “Нива” айыл чарба кооперативинин төрагасы А.М.Д. менен сүйлөшүп, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын балансында турган 990 га жерди мыйзамсыз пайдаланган. Аудитордук текшерүүгө ылайык, жер участокторун мыйзамсыз пайдалануунун кесепетинен мамлекетке келтирилген зыян 2000-жылдан азыркы мезгилге чейин 74 млн сомдон ашкан.
«Анын ичинде кампалар, өндүрүштүк база мыйзамсыз менчиктештирилген.
Р.И.А.га жана анын жакын туугандарына 54 кыймылсыз мүлк, анын ичинде Бишкек шаарындагы элиталык турак үйлөрдөгү батирлер, Сокулук районундагы соода жайлары, Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарындагы “Келечек” пансионатынын аймагындагы коттедж катталган.
Чогулган материалдардын негизинде коррупция фактысы боюнча кылмыш иши козголду. 21-майда Октябрь райондук соту тарабынан А.М.Д. жана Р.И.А. Бишкек шаарындагы тергөө абагына киргизилди.
Учурда келтирилген зыяндын ордун толтуруу жана мыйзамсыз менчиктештирилген кыймылсыз мүлктөрдү мамлекеттик баланска кайтаруу боюнча иштер жүргүзүлүүдө», – деп айтылат расмий маалыматта.
Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды