Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.
Turmush — «Тарых инсаны» рубрикабыздын бүгүнкү каарманы — колхоз курулушунун алгачкы уюштуруучуларынын бири, Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында Кочкор райондук аткаруу комитетинин төрагасы болуп иштеген, Кыргыз ССР Жогорку Советинин биринчи чакырылышынын депутаты Чоңмурун (Турсунаалы) Турдубаев болмокчу. Ал тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы эл оозунда айтылган маалыматтарды жыйнап, анын баскан жолуна иликтөө жүргүзүп көрдү.
Турсунаалы Турдубаев 1886-жылы Кочкор районунун Кум-Дөбө айылында туулган. Ал колунда жок кедей үй-бүлөдө туулуп, турмуштун азабын көп тартып чоңойгон. Кум-Дөбө аймагындагы жатакчылар жайкысын Кочкор-Атанын сайында, кышкысын сөөк какшаткан шамалдан далдоолонуп токой арасында жашап турушкан. Алардын кара алачыгынан түнкүсүн асмандагы жылдыз көрүнүп турчу. Бул үй-бүлөлөрдүн медер тутканы Чоңмурун Турдубай уулу болгон. Эмгекке бышкан алдуу-күчтүү жаш жигит жазында бир аз жерге аштык (буудай, арпа) айдайт эле. Күзүндө түшүмүн жыйнап, чөп чаап бир айыл элди жан сактатчу. Ошондон ал колунда жок кедей-кембагалдардын сыйына татып, алардын арасында кадыр барк күткөн. Аны эл азандагы атынан эмес Чоңмурун деп чакырышкан.
Совет өкмөтү орногондо Турсунаалы баштаган кембегалдар айыл чарба артелине биринчилерден болуп мүчө болушкан. Ал айыл-айылды кыдырып, карапайым калкка совет өкмөтүнүн жакшы жактарын айтып үгүт-насыят иштерин жүргүзөт. Ошол кезде Каманбай, Орозаалы деген байлар «Оо, Чоке кандайсың? Колуңда бирин-экин жандыгың барында эле жай олтуруп тамак ичкен учуруңду көрбөдүк эле. Эми болгон малыңды ортого берип, аның аз келгенсип далай бечараны азгырып, томаяк кылыптырсың го. Эми чычырканактын ашын жеп, саздын чөбүн оттойсуңбу?» деп какшыкташат. Анда Чоңмурун «Аа, байларым элге пайда бербеген байлыктарыңар менен элден озуп деле кеткен жоксуңар, жаңы заман келди. Эми, эсиң барда акылыңды жый деген кеп бар. Андан көрө көптүн катарына кошулуп, малыңарды ортого бергиле», – деген экен.
Кум-Дөбө айыл чарба артелине ар кайсы жерде жашаган адамдар 50-60 түтүн биригип, бир жерге олтурукташып артелдин алгачкы башкармасы Чоңмурун болгон. Ал кезде Кум-Дөбө төө кирип кетсе көрүнбөгөн чий баскан талаа эле. Ошол чийди казып, отунга айландырып, талаага айландырып, айдоо кылышты. Боз талаага кыштак пайда болду. Өрөөн акырындык менен кооздукка бөлөндү. Кийин Кум-Дөбө артели колхозго айланды. Эми Чоңмурун мурдагыдай жан сактоонун камын эмес, колхоз курулушунун, көпчүлүктүн камын көрүп жүрдү. 1919-жылы КПССтин мүчөлүгүнө өтөт.
Орокчу Чоңмурун аталышы
1920-жылдардан баштап эле Советтик бийлик бири-бирине карама-каршылыктуу кош турмушта жашай баштаган. Анын бир тарабында өлкөнү кайра жаратуу үчүн жанын аябаган эмгекчилер, экинчи тарабында миллиондогон жазыксыз айыпталган адамдардын оор тагдыры турган. Совет өкмөтүнө ишенбөөчүлүк али да эл ичинде орун алып турган. 1930-жылы бул карама-каршылык күчөй баштаган. Ошондой учурда партиялык жетекчилик жумушчулар менен колхозчуларды эмгекке шыктандыруунун жолун издей баштаган. 1935-жылы 31-августта шахтёр Алексей Стаханов 2 жардамчысы менен 1 сменада 15 нормага жакын, кийинки айда 32 нормадан ашык көмүр казып алды. Стахановдун реккорддук эмгеги борбордук басма сөздөргө жарыяланып, советтик эмгекчилерге үлгү катары көрсөтүлдү. Өлкө боюнча эмгекчилер рекорд көрсөтүү үчүн умтула баштады. Жаңы эмгек толкуну башталып, «Стахановчулар кыймылы» деп аталды. Стахановдук кыймыл Кыргызстанга да жайылды. Кум-Дөбө айылдык совети (кеңеши) түзүлүп, Кум-Дөбө, Бугучу, Төрт-Күл, Түндүк, Ак-Жар, Кайнар деген артелдерден турган. Айылдык советтин төрагасы болуп И.Бөлөкбаев, Кум-Дөбө чарбасынын башкармасы У.Акимбаев, Бугучуда А.Байсабаев, Төрт-Күлдө Сатыбалды деген адам, Түндүк артелинде М.Дыйкамбаев, Ак-Жар чарбасына Садыбаев, Кайнар колхозунда Н.Бостеков башкарма болуп иштеп турушкан.
Стахановдук кыймыл тоо арасындагы айылга жетип, Чоңмурун бул кыймылдын биринчи демилгечилеринен болот. Ал кезде Кум-Дөбө колхозго айланып башкарма болуп У.Акимбаев шайланган эле. Турдубаев өзүнө 5-6 азаматты кошуп алып күчүн сынап көрүүнү чечет. Жүз теше ( бир теше 1,09 га) жерди бекитип алат. Ал кезде техника жок болгондуктан аянтты кол менен тегиздеп, сугарып, ат соко менен айдап чыгышат. Ийинге илинген баштыктан кочуштап алып үрөн сээп, ат менен мала тартып чыгуу оңойго турган жок. Турсунаалы дыйкандарга дем берип, «Көз коркок, кол баатыр» чын дитибизди коюп иштейли. Ийгилигин кудай берет деп шыктандырып турду. Эгинди оруп алууда Чоңмурун орокчулугу менен элге таанылат.
- Кочкор районунун тургуну Кабылбек Жумабаев «Атам айтып калчу эле. Чоңмурун карылуу орокчу болчу. Мангел кыргыз орогу менен оруп салчу. Ал орок оргондо чалгы чапкан жигиттер жетише албай калчу. Карап турган адамдар таң калып турчу. 1 гектарга жакын жерди 1 күндө оруп койчу. Орокчу Чоңмурун деп коюшчу», – деди ал.
Ал кезде комбайн жок болгондуктан эгинди колго орушчу. Күн сайын 1 тешеден жер оруп алуу ага көнүмүш иш болуп калат. Мындай көрсөткүч эч качан болгон эмес эле. Колхоз дан эгиндеринин ар гектарынан 38 центнерден түшүм алып, район эмес, Нарын облусунда алдыңкы чекке жетет. Чоңмурун «стахановчу» деген атак алды. Чоңмурундун эмгегинин натыйжасында колхоздун звеновойу Сукай Байсариева Нарын өрөөнүндө биринчилерден болуп, Ленин ордени менен сыйланат. Чоңмурун баштаган 5 адам, ошол кездеги СССРдин борбору болгон Москва шаарына барып, СССР Жогорку Советинин Президиумунун төрагасы Михаил Иванович Калинин менен жолугушуп, анын колунан орден, медалдарды алышат. Анын эмгеги өкмөт тарабынан бааланып, «Эмгектеги каармандыгы үчүн» медалы менен сыйланат. Москвада саякаттап, мейменканада эс алып кайтышат.
Чоңмурундун аркасы менен айылдын даңкы алыска таанылды. Колхоз облуста биринчи болуп, Бүткүл союздук айыл чарба көргөзмөсүнүн диплому, автоунаа, мотоцикл менен сыйланат. Ал кезде алдыңкы чарбалар араң арабага жеткендиктен, Кум-Дөбө колхозунун ийгилиги башка чарбалар үчүн абдан таң калычтуу болгон. Чарбалар сорттуу үрөндү Кум-Дөбөдөн алып башташат…
Кызыл камчы күйөө баласын тарбиялаганы
Чоңмурун Турдубаевди Кочкор райондук аткаруу комитетинин төрагасынын орун басары кылып дайындашат. Райондо да жигердүү иштеп, экономиканы чыңдоо, эмгекчилердин жашоо-турмушун жакшыртуу үчүн жанын аябай күн-түн эмгектенет.
Бир күнү кызы күйөөсү менен чырлашып үйүнө качып келген экен. Күйөө бала ургандыктан көзү көгала болуп калыптыр. Ал күйөө баласын чакыртат. Күйөө баласы каматып коебу деп коркуп араң келет. Анан «Ай бала, эмне кызымдын көзүн көгөртөсүң? Көрүнбөгөн көчүккө чаппайт белең? десе күйөө баласы уялып жер тиктейт. Чоңмурун «Тээтиги музоолу уйду алып, үй-бүлөңдү жакшы бак. Экинчи кызыма колуң тийбесин» дептир. Ошондон кийин күйөө баласы менен кызынын ортосунда уруш болбоптур. Кызы да келгенин токтоткон экен.
Кочкор районунун Фронтко жардамы
1938-жылы Кыргыз ССР Жогорку Советине өткөрүлгөн биринчи шайлоодо Турсунаалы (Чоңмурун) Турдубаевди эл депутаттыкка шайлашат. Ал 1939-1940-жылдары Кочкор райкомунун 1-катчысы Тыналиев менен иштешсе, Улуу Ата Мекендик согуштун алгачкы жылдарында райкомдун 1-секретары 1940-1942-жылдары Баян Аламанов менен иштешип, согуш жылдары айыл чарба иштерин уюштурууда зор эмгек өтөгөн. 1942-жылы Баян Аламанов Чүй райкомуна бөлүм башчы болуп жөнөтүлөт. Анын ордуна КПСС БКнын чечими менен Өмүралы Носинов деген сарт калмак улутундагы жигит Райкомдун 1-секретары болуп дайындалат. Бул учурда Турдубаев Кочкор райондук аткаруу комитетинин төрагасы милдетин аткарып турган.
Улуу Ата Мекендик согуш Батышта жүрүп, эр азаматтар четинен майданга жөнөп жатты. Кочкор районунан эле 1941-1945-жылдары Улуу Ата Мекендик согушка 5225 эр азаматтар жөнөтүлгөн. Алардын ичинен 1491 адам гана кайтып келген. Калган 70 пайыздан ашыгы уруш талаасында курман болгон же дайынсыз жоголгон.
Мына ушул согуш жылдарында Колхоз-совхоздордо жалаң чал-кемпирлер, келин-кыздар, өспүрүм балдар иштешкен. Тапкан ташыгандарынын баарын «Согуш үчүн, Фронт үчүн» деп жөнөтүп, эл өзү ачка олтурушкан.
Кочкор райкомунун 1-секретары Өмүралы Носинов, рай аткомдун төрагасы Турсунаалы (Чоңмурун) Турдубаев районду жетектеп турган мезгилде, Кочкор району Фронтко 900 миң сом акчалай, 600 миң сом облигация жөнөтүшкөн. Ошол согуш жылдарында Чорго Жаңыбаев деген колхозчу өзү эле 1941-1945-жылдарда фронтко элдик жардам үчүн «Кыргызстандын колхозчусу» деген танка колоннасы, «Күнөстүү Кыргызстан» аттуу согуш учактарынын эскадрильясын курууга өзү жыйнаган 50 000 сом акчасын кошкон. Бул салымы үчүн Кызыл Армиянын башкы командачысы Сталиндин колу коюлган алкыш баракчаны Кыргызстанда биринчи болуп алган.
Кочкор райкомунун 1-катчысы болуп Өмүралы Носинов күн-түн тынбай иштеп, талапты катуу койчу экен. Бир күнү бюродо башкармалардан эсеп алып жатып түн бир оокум болуп кетет. Райаткомунун төрагасы Турсунаалы (Чоңмурун) Турдубаев күн-түн тынбай иштеп, чарчагандан үргүлөп кетет. Бир маалда көзүн ачып, башкармалардын да шайы кетип, араң турганын көрүп “Ой, Өмүраалы! Эмгиче бюроң бүтө элекпи? МТСтин деректири чакырбады беле, эти эзилип кетти го!?” дептир. Өмүраалы айласыз күлүп, жыйынды бүтүргөн экен. Негизи Чоңмурун Турдубаев райкомду анча деле тогото берчү эмес экен. Анын себеби Өмүраалыдан жашы жагынан улуу болгонунан, Жогорку советтин депутаты болгонунан болсо керек. Негизи Турдубаев элге карамдуу болуп, көптөгөн күнөөсүз адамдарды камактан алып калган.
Тогуз башкарманы атуудан сактап калганы
Оор мезгилде эл ачка болбосун деп райондогу чарбалардын 9 башкармасы элге эгин бөлүп бергени үчүн камакка алынат. Ал учурда мындай иш үчүн кесилип же атылып кетчү. Башкарманын ага туугандары аларды бошотуп берүүсүн өтүнүп, райкомго, прокурорго чейин ыйлап барышат. Бирок жыйынтык чыкпайт. Акыры райондук аткаруу комитетине арызданып келишет. Чоңмурун «эмне кылсак чыгат экен» десе, бирөө айтат «ал үчүн документтерди жоготуш керек окшойт» дейт. Турдубаев прокурорду чакырып, документтерди да алдырат. Контрамаркага отту чоң жактырып, прокурорду эки кишиге карматып туруп, «ач мештин оозун» деп, баарынын документтерин отко ыргытып, кагаздар күйүп бүткөндө «кое бер» дейт. Прокурор ыза болуп, «бул эмне кылганыңыз» десе, «эми башкармаларды кармоого негиз жок чыгар!» деп бошоттуруп жибериптир.
Обкомго каяша кылганы
Нарын обкомунда жыйын болуп, облус жетекчиси райондордо жүргүзүлгөн иштердин жыйынтыгы тууралуу сурай баштайт. «жыйынтык жакшы эмес» деп жетекчилерди каарый баштайт. Кезек Кочкор районуна келгенде Турсунаалы Турдубаев облус жетекчисине «Сиз Долондун ар жагы менен алектениңиз, бул жакты мен билем. Долондун бер жагына өзүм жооп берем» деп, жетекчилерди таң калтырган экен. Турсунаалы (Чоңмурун) Турдубаев райондук аткаруу комитетинин төрагасынын орун басары болуп, 1938-жылы Иванов, 1938-1939-жылдары Абдыжалилов, 1939-жылы Турдукеев, 1939-1940-жылы Н. Бөжөков,1940-1941-жылдары М.Өмүралиев 1943-1944-жылдары Үкүбай Турумов деген райондук аткаруу комитетинин төрагалары менен иштешет. Ортодо райондук аткаруу комитетинин төрагасынын милдетин аткаруучу болуп турган.
Турсунаалы Турдубаев 1938-1947-жылдары Кыргыз ССР Жогорку Советинин 1- чакырылышынын депутаты болгон.
Кум-Дөбө колхозунун башкармасы болушу
1943-жылдары Улуу Ата Мекендик согуш жылдары партиянын райкому Турдубаевди Кум-Дөбө колхозуна башкарма кылып жөнөтөт. Эл менен кошо бир тыйын акы албай эмгектенип, чарбаны алдыга сүрөйт. Танка курууга колхоздун эмгекчилери 300 миңге жакын акча чогулткан. Элди ачкачылыкка дуушар кылбоо үчүн чарбанын саан уйларын бир жерге топтоп, каймагы алынган сүттү ар бир үйгө теңдеп бөлүштүрүп берип турат. Кийин Кум-Дөбө, Бугучу, Төрт-Күл, Түндүк, Ак-Жар, Кайнар деген чарбалар ирилешип Октябрдын 60 жылдыгы атындагы совхозго айланат. Турсунаалы Кум-Дөбөдө колхоздун башкармасы болуп жүрүп, совхозго айланганга чейин иштеген. Совхозду уюштуруучулардан болгон. Кум-Дөбө айылдык кеңешинин (селсовет) төрагасы болуп да иштеп, ардактуу эс алууга чыккан. 1955-жылы 69 жашында Кум-Дөбө айылында дүйнөдөн кайткан. Анын ысмы бир көчөгө берилген.
Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды
