Close Menu
  • Башкы бет
  • Борбордук Азия
  • Саясат
  • Дүйнө
  • Коом
  • Маданият
  • Спорт
  • Янгиликлар
What's Hot

Токаев АКШтагы жаңы Казакстан элчисин дайындады

Октябрь 20, 2025

Бакиев келсе кайрадан соттук териштирүү өткөрөбүз,

Май 28, 2025

Чымкент шаарында Кыргызстандын ардактуу консулдугу ачылды

Май 28, 2025
Facebook Instagram TikTok Telegram
  • Кыргызча
    • Қазақ тілі
    • Oʻzbek
    • Кыргызча
    • 中文 (中国)
    • Русский
Facebook X (Twitter) Instagram
EurasiaPulse
  • Башкы бет
  • Борбордук Азия
  • Саясат

    Токаев АКШтагы жаңы Казакстан элчисин дайындады

    Октябрь 20, 2025
  • Дүйнө
  • Коом
  • Маданият
  • Спорт
  • Янгиликлар
EurasiaPulse
Главная страница » Стамбулда майрамдык акцияда 400дөн ашуун адам кармалды
Янгиликлар

Стамбулда майрамдык акцияда 400дөн ашуун адам кармалды

Май 3, 2025
Facebook Twitter LinkedIn Telegram Pinterest Tumblr Reddit WhatsApp Email
Share
Facebook Twitter LinkedIn Pinterest Email

Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.

АКИpress –  Стамбулда 1-май — Эмгек жана тилектештик күнүн майрамдоодо чогулуш жана демонстрациялар жөнүндөгү мыйзамды бузгандыгы үчүн 407 адам кармалды. Бул тууралуу өлкөнүн ички иштер министри Али Ерликая билдирди, деп жазат «Evrensel». Түркиянын Токат жана Ван шаарларында дагы бирден адам кармалган.

Стамбул адвокаттар коллегиясы Түркиянын жарандары «Таксим» аянтына тынчтык жолу менен өтүүнү каалашкан, бирок мыйзамсыз кармалышканын билдирди. Коллегиянын маалыматы боюнча, кармалгандардын арасында 10дон ашуун юрист бар. Адвокаттар кармоолорду мыйзамсыз деп аташты.

Стамбул бийлиги көп жылдардан бери «Таксим» аянтында массалык акцияларды өткөрүүгө тыюу салып келет. 2024-жылы 1-майда дагы демонстрация өткөрүүгө макул болушкан эмес, бирок адамдар тыюуга карабастан аянтка кирүүгө аракет кылышкан. Аларга каршы көздөн жаш агызуучу газ колдонулган, чогулгандар жооп катары таш ыргытышкан.

Стамбулдагы «Таксим» аянтында 1-майдагы биринчи массалык жүрүш 1976-жылы профсоюздук бирикмелердин демилгеси менен өткөрүлгөн. Бир жылдан кийин демонстрация учурунда 30дан ашык адам каза болгон: белгисиз адамдар кошуна имараттардан ок чыгарышкан, ошондой эле аянтта пайда болгон түртүшүүдөн улам да каза болгондор болгон.

Ок аткандардын бири дагы кармалган эмес. Трагедиядан кийин аянт майрамдар үчүн жабылган.

Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды

Source link

Share. Facebook Twitter Pinterest LinkedIn Tumblr Telegram Email
Previous ArticleРоссия элчиси Талас облусундагы мектептерге компьютер тапшырды
Next Article Жергиликтүү кеңештеги бир катар депутаттын ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулду

Related Posts

Бакиев келсе кайрадан соттук териштирүү өткөрөбүз,

Май 28, 2025

Чымкент шаарында Кыргызстандын ардактуу консулдугу ачылды

Май 28, 2025

Кыргызстанга ЖККУга мүчө мамлекеттердин коргоо министрлеринин кеңешинин жыйынына катыша турган өкүлдөр келди

Май 28, 2025
Іздеу
Категориялар
  • Main KG (1)
  • Саясат (1)
  • Янгиликлар (1,318)
Top Posts

Subscribe to Updates

Get the latest sports news from SportsSite about soccer, football and tennis.

Advertisement
Demo

eurasiapulse.com

Facebook Instagram YouTube TikTok Telegram
Top Insights
Get Informed

Subscribe to Updates

Get the latest creative news from FooBar about art, design and business.

© 2025 eurasiapulse.com. Designed by Eurasiapulse.com.

Type above and press Enter to search. Press Esc to cancel.